Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Боз-Учук айылдык кеңешинин «Боз-Учук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы №1 “Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
БОЗ УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Боз-Учук айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2020-жылдын 9-июну № 14 Боз-Учук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы №1 “Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жер ресурсу боюнча мамлекеттик Агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоор” проекттик институтунун Боз-Учук айыл аймагына караштуу Ново-Вознесеновка айылы боюнча 1993-жылдагы даярдаган инвентаризациялык картада Ново-Вознесеновка айылынын №422 контурундагы -2,1 гектар жер тилкеси, №423 контурундагы – 2,25 га жер тилкеси , №418 контурундагы -1,5 га жер тилкеси айдоо эсебинен чыгарылып калктуу конуш экендиги көрсөтүлгөн жана №387 контурундагы 0,8 га жер тилкеси сугат айдоо эмес , жайыт экендиги аныкталган. Ошондуктан мурда трансформацияга Ново-Вознесеновка айылы боюнча 18,45 га жер берилген болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жер ресурсу боюнча мамлекеттик Агенттиктин кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол-Ак-Суу филиалынын 2020-жылдын 2 –июнундагы №01-9/45 корутундусуна ылайык айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боз-Учук айылдык кенешинин 2019-жылдын 22-январындагы №1 “Боз-Учук айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндөгү” токтомуна Ново-Вознесеновка айылындагы №422 контурундагы -2,1 га жер тилкеси, №423 контурундагы 2,25 га жер тилкеси, №418 контурундагы -1,5 га жер тилкеси “Кыргызмамжердолбоор” проекттик институтунун 1993-жылдагы даярдаган инвентаризациялык картада калктуу конуш экендиги көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу калктуу конуштардын эсебинен азайтылып Ново-Вознесеновка айылы боюнча 12,6 га жер тилкеси трансформациялоого макулдук берилсин деген өзгөртүүлөр киргизилсин жана Ичке-Жергез айылы боюнча 18,6 га жер тилкеси өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Боз-Учук айыл аймагынын Ново-Вознесеновка айылы боюнча :
контур №393- 4.20га , №394 – 0,90 га, №391- 2,10 га, №388 – 1,20 га , №386- 0,30 га, № 384- 1,35 га, №385 – 1,35га, №383 – 1,20 га. -Ичке-Жергез айылы боюнча : контур №1147- 5,55 га, №1122-8,50 га, №1117-4,05 га, ал эми №1213- 0,60 га деп техникалык ката кетирилгендигине байланыштуу №1213 контурдун жери 0,50 га деп оӊдолсун. Баардыгы 31,20 га жер тилкеси трансформациядан өткөрүлсүн.
3. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүӊүн башчысы А.Сейлибаевге жана анын аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Узакпаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.