# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 17 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 17 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/468645>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67417/edition/1047306/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 17 "Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө" токтому (15.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/468645

---

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезексиз 24-сессиясы

2020-жылдын 15-сентябры № 17 Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына сунуш кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралу” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча Ведомостволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө Жобонун 3-талабына ылайык Алча-Башат калктуу конушунун тургундарынын жалпы жыйынынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүүгө сунушталсын.

2. Алча-Башат калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жагы тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан суралсын.

3. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
