Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жекенди айылдык Кеңешинин «Жекенди айылдык аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө» токтому
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы 2020-жылдын 26-июну № 6 Жекенди айылдык аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 01-10/35 чыгыш сандуу катын карап, талкуулап Жекенди айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына кирген өзгөрүүлөрдүн негизинде жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы кызматынын штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Эмгек акысы жобонун негизинде төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А.Кошоевге жүктөлсүн.
Төрага
С. Халилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон