Гулистан айыл Кеңешинин «Гулистан айыл кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык Кеңешинин VI- шайланган кезектеги ХХIII- сессиясы 2019-жылдын 23-декабры № XXIII-1 Гулистан айыл кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген айыл кеңештин компетенциясынын негизинде айыл кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айыл кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге жүктөлсүн.
Төрага
И. Ташматов
Тиркеме
Гулистан айыл кеңешинин 2020-жылга ИШ ПЛАНЫ
№
Иш чаралардын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги XХIV-сессиясы
1
Гулистан айыл аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндырүү жана иретке келтирүү, жазгы тааалачылык иштеринин жүрүшү жөнүндө
апрель
Э.Шаназаров
И.Айбашов,
туруктуу комиссиялар
2
2020-жылдын 1-кварталында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө
апрель
И.Айбашов А.Тажимаматов
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги XХV-сессиясы
3
2020-жылдын 1-жарым жылында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө
июль
Туруктуу комиссиялар, И.Айбашов, Айыл башчылар
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги XXVI-сессиясы
5
2020-жылдын 9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө
октябрь
Э.Шаназаров,
И.Айбашов,
туруктуу комиссиялар
6
Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө
октябрь
Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги XXVII-cессиясы
7
2020-жылда айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө
декабрь
Э.Шаназаров,
И.Айбашов,
туруктуу комиссиялар
8
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга айылдык бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
декабрь
Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия
Жооптуу катчы
С. Эркабаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 28.01.2010 · № 15 · Күчүн жоготкон