# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-августундагы № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-августундагы № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/468471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67245/edition/1029341/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-августундагы № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” токтому (04.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/468471

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы

2020-жылдын 04-августу № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактап калуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Савай-Арык, Чоок калктуу конуштарындагы төмөндөгү контурларда жайгашкан тарыхый-маданий обьектилер корукка алынсын.

1. №122 контурундагы Чоок-Дөбө I

2. №143 контурундагы Чоок-Дөбө II

3. №115 контурундагы Савай-Арык чалдыбары,Чоок-Дөбө III-IV

4. №110 контурундагы Чоок-Дөбө V

5. №185 контурундагы Чоок-Дөбө VI

6. №140 контурундагы Отуз-Адыр чалдыбыры

7. №206 контурундагы Чоок чалдыбары

8. №111 контурундагы Савай-Арык Дөбө I

2. Жогорудагы контурларда жайгашкан тарыхый-маданий обьектилердинайланасына 50 метрден кем эмес аралыкта корук зонасы калтырылсын жана корук зонасында ар кандай курулуш, айдоо жумуштарын жүргүзүүгө тыюу салынсын.

3. Тарыхый-маданий обьектилер жайгашкан контурлардагы жер аянттарына тиешелуу болгон иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик акт алуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. (Т.Туйбаев)

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Отуз-Адыр айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун. (А.Мурзаев)

Төрага

Н.Калматов
