Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2020-жылдын 04-августу № 4 “Айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий обьектилерди корукка алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактап калуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Савай-Арык, Чоок калктуу конуштарындагы төмөндөгү контурларда жайгашкан тарыхый-маданий обьектилер корукка алынсын.
1. №122 контурундагы Чоок-Дөбө I
2. №143 контурундагы Чоок-Дөбө II
3. №115 контурундагы Савай-Арык чалдыбары,Чоок-Дөбө III-IV
4. №110 контурундагы Чоок-Дөбө V
5. №185 контурундагы Чоок-Дөбө VI
6. №140 контурундагы Отуз-Адыр чалдыбыры
7. №206 контурундагы Чоок чалдыбары
8. №111 контурундагы Савай-Арык Дөбө I
2. Жогорудагы контурларда жайгашкан тарыхый-маданий обьектилердинайланасына 50 метрден кем эмес аралыкта корук зонасы калтырылсын жана корук зонасында ар кандай курулуш, айдоо жумуштарын жүргүзүүгө тыюу салынсын.
3. Тарыхый-маданий обьектилер жайгашкан контурлардагы жер аянттарына тиешелуу болгон иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик акт алуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. (Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Отуз-Адыр айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун. (А.Мурзаев)
Төрага
Н.Калматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон