# Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 05-июнундагы №40/8 "Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 05-июнундагы №40/8 "Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40/8
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/468420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67194/edition/1027372/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 05-июнундагы №40/8 "Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому (05.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/468420

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 40-отуруму

2020-жылдын 05-июну №40/8 Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең-Жылга айылынын тургундары К.Осмонов жана А.Умаровго жеңил конструкциядагы курулуш куруу үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Жылга айылынын тургундары К.Осмонов жана А.Умаровдун Корул айыл өкмөтүнүн аймагында АРИС менен биргеликте курулуп жаткан таза суу түтүкчөлөрүнө топурак төшөө үчүн үлүш жерлеринен берген жерлерине 0,04га жерге жеңил конструкциядагы убактылуу курулуш курууга 7 жылдык мөөнөткө жер аянты чектелип берилсин.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго жана айыл башчы Д.Умаровго милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Маназаров
