Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Корул айылдык кеңешинин «Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 40-отуруму
2020-жылдын 05-июну №40/8 Кең-Жылга айылынын тургундарынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең-Жылга айылынын тургундары К.Осмонов жана А.Умаровго жеңил конструкциядагы курулуш куруу үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын тургундары К.Осмонов жана А.Умаровдун Корул айыл өкмөтүнүн аймагында АРИС менен биргеликте курулуп жаткан таза суу түтүкчөлөрүнө топурак төшөө үчүн үлүш жерлеринен берген жерлерине 0,04га жерге жеңил конструкциядагы убактылуу курулуш курууга 7 жылдык мөөнөткө жер аянты чектелип берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго жана айыл башчы Д.Умаровго милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Маназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 16.11.2011 · № 213 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон