# Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 05-июнундагы №40/4 "Корул Айылдык кеңешинин жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү боюнча" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 05-июнундагы №40/4 "Корул Айылдык кеңешинин жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40/4
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/468416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67190/edition/1027364/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 05-июнундагы №40/4 "Корул Айылдык кеңешинин жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү боюнча" токтому (05.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/468416

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 40-отуруму

2020-жылдын 05-июну №40/4 Корул Айылдык кеңешинин жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 04-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзортүүлөрдүкиргизүү жөнундө» жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомдорунун негизинде калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын штаттык кызмат орду жана айлык акылары боюнча Корул айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул Айылдык Кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат ордуна кабыл алуу боюнча комиссия түзүлсүн.

2. Корул Айылдык Кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат орду бекитилсин жана айлык акысын эсептөө үчүн токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгына берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна, ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага, Корул Айылдык Кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат орду боюнча түзүлгөн комиссияга, бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Маназаров
