# Катта –Талдык айылдык кеңешинин 2019 – жылдын 29-майындагы №10/3 "Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтому жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Катта –Талдык айылдык кеңешинин 2019 – жылдын 29-майындагы №10/3 "Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтому жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/3
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/468393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67167/edition/1027318/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Катта –Талдык айылдык кеңешинин 2019 – жылдын 29-майындагы №10/3 "Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтому жөнүндө" токтому (29.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/468393

---

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезексиз X – сессиясынын (алтынчы чакырылышы)

2019 – жылдын 29-майы №10/3 Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтому жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы “Кыргыз Республикасынын токойлоруна дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүү үчүн дарак породаларын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндөгү” №97 токтомунун, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтомунун негизинде Катта-Талдык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97 токтомунун 13-беренесинин негизинде жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтомуна ылайык Баш-Булак айылындагы Интернационал конушунун генералдык планындагы жолго эгилген кайрагачты жана кайнолуну баары (11 түп жаш көчөт) алынуу жагын же жылдырууга уруксат берүү жагын Ош облусунун айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен суралсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап жана дарегине жеткирүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кенешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо туруктуукомиссиясына (У.Жолдошев) тапшырылсын.

Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы: С.Э. Айдаров
