Катта –Талдык айылдык кеңешинин 2019 – жылдын 29-майындагы №10/3 «Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтому жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезексиз X – сессиясынын (алтынчы чакырылышы)
2019 – жылдын 29-майы №10/3 Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтому жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы “Кыргыз Республикасынын токойлоруна дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүү үчүн дарак породаларын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндөгү” №97 токтомунун, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтомунун негизинде Катта-Талдык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97 токтомунун 13-беренесинин негизинде жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-майындагы №125 токтомуна ылайык Баш-Булак айылындагы Интернационал конушунун генералдык планындагы жолго эгилген кайрагачты жана кайнолуну баары (11 түп жаш көчөт) алынуу жагын же жылдырууга уруксат берүү жагын Ош облусунун айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен суралсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап жана дарегине жеткирүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кенешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо туруктуукомиссиясына (У.Жолдошев) тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы: С.Э. Айдаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-майындагы №125 "Баш-Булак айылында генпландагы жолго эгилген жаш кайрагачты жана кайноолуну көчүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2019 · № 125
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап…Постановление · 10.02.2009 · № 97 · Күчүн жоготкон