Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Гуз айылдык кеңешинин «Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 05.12.2019-жылдагы №11-1934-19 “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин,чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын кароо жөнүндө» токтому
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) 20-сессиясынын жыйналышы
2019-жылдын 24-декабры № 20/3 Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан 05.12.2019-жылдагы №11-1934-19 “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин,чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамынын 1-беренесине ылайык,ушул Мыйзамдын колдонулушу саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлерине жайылтылышы көрсөтүлгөндүгүн маалымдалып жана айылдык кенештин депутаттары саясий муниципалдык кызмат орундарына кириши белгиленип,айылдык кенештин депутаттары Кармышаков Салмоорбек Мырзабекович, Абдыракманов Алманбет Болушович, Сапарбай уулу Эрнис Төрөбекович, Оморов Сейитбек Капарович 2018-жыл үчүн кирешелери жөнүндө декларацияларында кыймылсыз мүлктөрүн толук көрсөтпөгөндүгүн аныкталды . Аталган айылдык кенештин депутаттары тарабынан “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн. Декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган декларантка жана жакын туугандарына менчик укугуна таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүлөрү, талаптар одоно түрдө бузулгандыгы жөнүндө белгилегендиги тууралу райондук прокуратурасынын 05.12.2019-жылдагы №11-1934-19 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Кара-Гуз айылдык кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарууну айылдык кенештин депутаттары Кармышаков Салмоорбек Мырзабекович, Абдыракманов Алманбет Болушович, Сапарбай уулу Эрнис Төрөбекович, Оморов Сейитбек Капарович эске алышсын.
2. Өзүнүн жана жакын туугандарына менчик укугуна таандык кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарын Декларацияда толук көрсөтүү айылдык кеңештин депутаттарына (декларантка) жүктөлсүн.
Төрага
С.Оморов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 164 · Күчүн жоготкон