# Ленин айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 29/3 "Ленин айылдык кеңешине жоопттуу катчынын штатын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ленин айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 29/3 "Ленин айылдык кеңешине жоопттуу катчынын штатын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/3
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/468218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66992/edition/1025231/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ленин айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 29/3 "Ленин айылдык кеңешине жоопттуу катчынын штатын бекитүү жөнүндө" токтому (15.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/468218

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз XХIX отуруму

2020-жылдын 15-июну № 29/3 Ленин айылдык кеңешине жоопттуу катчынын штатын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомдорунда калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарынын айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын штаттык кызмат орду жана айлык акылары каралган. Ленин айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 7968 түзгөн.Жогорудагынын негизинде Ленин айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл аймагында калкынын саны 2020-жылдын 1-январына карата 7968 түзгөндүктөн, айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат орду бекитилсин.

2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын айлык акысын эсептөө үчүн токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгына берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Н.Айдаралиев
