Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 523 жарлыгы менен бекитилген) 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук Программасы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 февраля 2020 года УП № 19 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-04.
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 29-ноябрындагы
ПЖ № 523 жарлыгы менен
бекитилген
2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында
маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн
УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүнүн артыкчылыктары жана
негизги көйгөйлөрү
Программанын максаттары жана негизги милдеттери
Программанын негизги максаттары жана артыкчылыктары
Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ресурстук камсыздоо
Программанын негизги багыттары
Маданият чөйрөсүнүн укуктук жана институттук негиздерин өнүктүрүү
Тарыхый-маданий мурасты, музейлерди, китепканаларды сактоо жана
өнүктүрүү
Кесипкөй жана салтка айланган көркөм өнөрдү стимулдаштыруу,
чыгармачыл союздарды колдоо. Маданияттар ортосундагы алмашуу
Маданият чөйрөсүнүн кадрдык жана илимий потенциалын өнүктүрүү
Материалдык-техникалык базаны чыњдоо жана өркүндөтүү
Маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү
Киришүү
2010-жылга чейин маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улут-
тук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
28-сентябрдагы Кыргызстандын элине Кайрылуусуна ылайык, Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин чыгармачыл интеллигенция менен жолугушуусунун
натыйжалары боюнча иштелип чыкты.
Руханий жана материалдык маданиятты сактоо жана калыбына келтирүү
боюнча иш программалык каражаттарды жана усулдарды колдонууну, таа-
сирдүү уюштуруу жана финансылык колдоону талап кылат. Коом менен мамле-
кеттин күч-аракетин атайын уюштурулган жана максатка багытталган про-
цесске бириктирүү маданий деградациялануу зонасын жок кылууга, социал-
дык-маданий мейкиндиктин бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө, мамлекеттик
жана коомдук түзүлүштүн үзүрлүү түрлөрүн жана формаларын иштеп чыгууга
мүмкүнчүлүк берет.
Бул Программа мамлекет менен коомдун турмушундагы маданияттын не-
гизги маанисинен келип чыккан. Муну менен бирге маданият мамлекеттик
жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө таасир тийгизген руханий
дөөлөттөрдүн бүтүндөй системасы катары каралат, ал лайык демократиялык
мамлекеттин жашоо турмушунун шартында өзүнө элдердин адептик багыттарын
сактап калуу милдетин алат.
Программаны жүзөгө ашыруу калктын бардык катмарларынын ата-мекен-
дик жана дүйнөлүк маданий чыгармаларга ээ болушун камсыз кылып, Кыргыз-
стандын элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактап калууга, четөлкө-
лөрдө Кыргызстандын маданиятынын жогорку баркын колдоого көмөк көрсө-
төт.
Бул Программа комплекстүү мүнөзгө ээ жана тийиштүү министрликтер-
дин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын жигердүү көмөк көрсөтүүсү менен жүзөгө ашырылат, алардын
аракеттерин Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүгө дем берүүгө чакырылган
аракеттердин жана чаралардын системасын түзүү максатында Кыргыз Респуб-
ликасынын Маданият жана маалымат министрлиги координациялап жана жөнгө
салып турат.
Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүнүн
артыкчылыктары жана негизги көйгөйлөрү
Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдүн
мезгилинде маданият жана көркөм өнөр жагында мамлекеттик саясаттын не-
гизги максаты өлкөнүн мурдатан топтолгон маданий потенциалын сактоо жа-
на жањы экономикалык мамилелерге өтүүнүн шартында аны өнүктүрүү болуп
саналган.
Маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын башкы дурус натыйжасы
Кыргызстандын мурдатан топтолгон маданий потенциалын сактап калууда
турду. Негизинен өлкөнүн маданият институттарынын тармагы сакталып кал-
ды, маданият объекттерин менчиктештирүүгө жол берилген жок.
Маданият чөйрөсүндө аны демократиялаштыруу, башкаруу жагына кесип-
көй чыгармачыл жана коомдук бирикмелерди, эларалык уюмдарды, фонддорду,
көз карандысыз кесипкөй бирикмелерди түзүү жана тартуу маанилүү чек бо-
луп калды.
15 жылдын ичинде "Маданият жөнүндө", "Документтердин милдеттүү
нускалары жөнүндө", "Китепкана иши жөнүндө", "Тарых-маданий мурастарды
сактоо жана пайдалануу жөнүндө", "Музейлер жана музейлик фонд жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 2003-жылдын 17-октябрында Па-
риж шаарында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында кабыл алынган "Материал-
дык эмес маданий мурастарды сактоо жөнүндөгү" Эларалык конвенция рати-
фикацияланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен 2003-жылдын
28-октябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шерик-
тештигине мүчө мамлекеттердин китепкана иштери жагындагы кызматташтык
жөнүндө Макулдашуу, "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында китепкана
ишин өнүктүрүүнүн Концепциясы" бекитилген.
"Кыргыз Республикасында концерттик иш жөнүндө", "Мамлекеттик ката-
лог жөнүндө", "Музейлер жана музейлик фонд жөнүндө", "Кыргыз Республи-
касынын аймагына маданий дөөлөттөрдү ташып келүүнү жана ташып кетүүнүн
тартиби жөнүндө" Жоболор бекитилген.
Жакынкы жана алыскы четөлкөлөр менен маданият жана көркөм өнөр жа-
гында кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир
катар макулдашууларга, меморандумдарга жана протоколдорго кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрындагы № 418
"Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборун түзүү жөнүндө" Жарлы-
гына ылайык Улуттук маданий борбор түзүлгөн. Республиканын алдыњкы 9
маданий жана көркөм өнөр ишканаларына "улуттук" деген статус ыйгарыл-
ган.
15 жыл ичинде тармак боюнча маданият жана көркөм өнөр кызматкерле-
ринин эмгек айлык акыларын көтөрүү 95%ды түзгөн.
Министрликтин алдында маданият жана көркөм өнөр маселелерин иштеп
чыгуу жана чечүү боюнча компетенттүү жана кесипкөй мамиле кылууга жети-
шүү максатында Көркөм кењеш түзүлгөн жана иштеп жатат, анын курамына
Кыргызстандын көрүнүктүү маданий жана көркөм өнөр ишмерлери кирген.
15 жылдын аралыгында республикада 30дан ашык жањы мамлекеттик жана
жеке кесипкөй чыгармачыл жамааттар пайда болду, Кыргызстандын маданий
турмушунун ар түрдүүлүгү кыйла өстү. Ошондой болсо да көркөм өнөр чөй-
рөсүнүн абалы жана дењгээли бүгүнкү күндүн талабына толук жооп бере ал-
байт. Мындай абал негизинен объективдүү шарттар, эњ оболу, финансы ка-
ражаттарынын жетишсиздиги менен шартталган.
Республиканын театр-оюн-зоок мекемелериндеги жањы коюлган оюндар-
дын саны 1991-жылга салыштырганда жалпысынан 2,5 эсеге, Бишкек шаарында
2 эсеге кыскарып кеткен. Бардык театр-оюн-зоок ишканалары көрүүчүлөрдү
тейлөө боюнча планды аткарышпайт.
Кинофильмдерди, драма, музыкалык, көркөм жана которулма чыгарма-
ларды түзүүгө мамлекеттик заказдар жок, ушунун кесепетинен театрлардын,
кинотеатрлардын, филармониялардын учурдагы репертуарлары начар жањыла-
нат, коюлган оюндардын, спектаклдердин, концерттик программалардын дењ-
гээли төмөн. Азыркы кездеги китептер, өзгөчө балдар жана өспүрүмдөр
үчүн зарыл болгон китептер басып чыгарылбайт.
Драма театрларда азыркы учурдун көйгөйлөрүн чагылдырган спектакл-
дер сейрек коюлат, жањы музыкалык спектаклдер: опералар, балеттер, му-
зыкалык драмалар, комедиялар аз коюлат, композиторлордун жањы чыгарма-
лары өтө аз санда.
Кыргызстандын тарых жана маданият эстеликтеринин азыркы абалы
алардын кескин бузулушунан улам өзгөчө кооптонууну туудурат. Мунун не-
гизги себеби эстеликтерди реставрациялоодогу жана консервациялоодогу
убакыттын узак болуп кетишинде турат. Кыргызстандын эстеликтерин рес-
таврациялоо мындан 15-20 жыл мурда жасалган.
Коргоо зоналарынын жоктугу ландшафттык чөйрөнүн келбетин сактап
калууну кыйындатууда. Эстеликтерге жакын аймактарга системасыз курулуш-
тарды куруу жаратылыш-табигый ландшафттардын кол тие электигин, табы-
гыйлыгын жоготууга алып келүүдө. Реставрациялык иштердин дењгээли реал-
дуу керектөөлөргө ылайык келбейт. Реставрациялык уюмдардын материал-
дык-техникалык базасы начар.
Фонддорду толуктоо маселеси музейлердин ишиндеги эњ актуалдуу ма-
селе бойдон калууда. Соњку жылдардын ичинде жањы экспонаттар, жањы жаб-
дуулар сатып алынбайт, масштабдуу музейлик долбоорлорду өткөрүүгө кара-
жат жок.
Соњку жылдары финансылык камсыз кылуу үчүн талаптагыдай шарттарды
түзүү менен бекемделбестен, музейлерди түзүү салтка айланып кетти. Ре-
гиондук музейлерде каттоону талапка ылайык жүргүзбөгөндүк кайталангыс
экспонаттардын жок болуп кетишине алып келүүдө. Өздөрүнүн реставрация-
лык мектебинин жоктугу чоњ кемчилик болуп саналат, республиканын ичин-
де, ошондой эле андан тышкары жерде көргөзмө ишин алмашуу практикалан-
байт.
1991-жылга салыштырганда республиканын музейлерине келгендердин
саны 40,4%га, экскурсиялар 32,8%га кыскарган, реставрациялоону талап
кылган экспонаттардын саны 12 мињ бирдиктен ашат.
Республиканын китепкана системасы өнүгүүнүн татаал мезгилин башы-
нан өткөрүп жатат. Акча каражаттарынын тартыштыгына байланыштуу китеп
фонддору жањыланбайт. Колдо бар китеп ресурстарынын жарымынан ашыгы мо-
ралдык жактан эскирген жана бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт.
1991-жылга салыштырганда республиканын китепканаларынын фонду 2
миллион бирдиктен (13,9%) ашыкка, жањы адабияттардын келиши - 72,1%га
кыскарган. Мезгилдүү басылмаларга жазылуунун дењгээли орточо республика
боюнча 9 эсеге кыскарган, айылдык китепканалар соњку жылдары жылына ор-
точо 1-3 гана жањы китептерди алышат.
Маалымат менен камсыз кылуу чөйрөсү өтө төмөн техникалык дењгээли
менен мүнөздөлөт. Китепканаларда азыркы кездеги компьютердик жана көчү-
рүүчү техникалар жок, электрондук байланыш каражаттары өнүккөн эмес.
Ушул эле мезгилдин ичинде клуб мекемелеринин тармагы 8,4%га кыс-
карган.
Клубдук түзүлүштөр республикада 40%га кыскарган, өздүк көркөм чы-
гармачылыктын катышуучуларынын саны 52,4%га кыскарган.
Маданият мекемелеринин, өзгөчө айыл жеринде, материалдык-техника-
лык базасы өтө начар абалда турат.
480 клубдук мекеме типтүү жайлардан орун алган, 118 мекеме эптеш-
тирилген жайларда жайгаштырылган.
Көп жылдардан бери айылдык маданият мекемелеринин имараттары капи-
талдык ремонттон өткөрүлгөн эмес.
Клубдук мекемелердин жалпы санынын 51,1%ы капиталдык ремонтту та-
лап кылат, 4,9%ы авариялык абалда турат, алар негизинен 50-70-жылдары
курулган.
Клубдук мекемелер, балдар музыкалык мектептери техникалык жактан
начар жабдылган. Аларды музыкалык аспаптар, сахналык кийимдер менен
камсыз кылуу маселеси өтө курч турат. Транспорттун жана техникалык жаб-
дуулардын жоктугу зор кыйынчылыктарды туудурууда.
Жогорку окуу жайлар, кесиптик орто окуу жайлар үчүн атайын теория-
лык сабактар боюнча мамлекеттик тилдеги окуу китептеринин жана окуу ку-
ралдарынын жоктугу жањы окуу куралдарын басып чыгаруу үчүн каражат бө-
лүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылат.
Республиканын окуу жайларында орун алган адистиктердин номенклату-
расы маданиятты өнүктүрүүнүн стратегиясына толук өлчөмдө жооп бербейт,
жакынкы жылдарга ар кандай адистиктеги кадрларга болгон керектөөлөр жө-
нүндө негиздүү жана анык маалымат жок, бул тармакты кадрлар менен кам-
сыз кылууну божомолдоого кыйынчылык туудуруп, маданият жана көркөм өнөр
чөйрөсүндө окуу жайларды өнүктүрүүнүн келечектүү программаларын иштеп
чыгууга терс таасир тийгизүүдө.
Маданият кызматкерлеринин социалдык абалы жана жашоо дењгээли өтө
төмөн турат. Ал түгүл эмгек акынын жогорулашын эске алганда да маданият
кызматкерлери бюджеттик чөйрөдөгү эњ төмөнкү айлык акыны алышат.
Маданият жана көркөм өнөр мекемелери, окуу жайлар: "Эмгек акы",
"Социалдык фондго чегерүүлөр", "Тамактануу", "Стипендия" деген коргол-
гон статьялар боюнча гана финансыланат.
Жалпысынан алганда маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзө
турган чечимдердин негизгилери төмөнкүлөрдө турат:
- адабият, кино, драмалык жана музыкалык өнөр жагында чыгармаларды
жаратууга мамлекеттик заказдар системасын түзүү;
- маданият чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаларды чыњдоо, бул мада-
ният жана көркөм өнөр мекемелеринин толук кандуу иштеши үчүн шарт тү-
зүп, демөөрчүлөрдөн каражаттарды жигердүү тартуу мүмкүнчүлүгүн берет;
- тармакты кадрдык потенциал менен чыњдоо;
- маданият жана көркөм өнөр мекемелери көрсөткөн кызматтардын са-
патын жана ар түрдүүлүгүн жогорулатуу, маданият жана көркөм өнөр меке-
мелерине келгендердин санын өстүрүү;
- маданият жана көркөм өнөр мекемелерин капиталдык ремонттон өткө-
рүү, техникалык жактан жањылоо, жањы технологияларды киргизүү.
Программанын максаттары жана
негизги милдеттери
Салттуу руханий, адеп-ахлактык, көркөм дөөлөттөрдү кайрадан калы-
бына келтирүү, бүткүл маданият, көркөм өнөр жана адабият чөйрөсүн сис-
темалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, дүйнөлүк маданий мейкиндикке
интеграциялоо Программанын максаты болуп саналат.
Алдыга коюлган милдеттерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
маданий чөйрөсүн өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй негизги багыттары сунуш кылы-
нат:
- маданият чөйрөсүнүн мыйзамдык жана ченемдик укуктук базасын
өнүктүрүү;
- тарыхый-маданий мурасты, музейлерди, китепканаларды, китеп басып
чыгарууну сактоо жана өнүктүрүү;
- кесипкөй жана ышкыбоз көркөм өнөрдү стимулдаштыруу, чыгармачыл
союздарды колдоо;
- маданияттын жана көркөм өнөрдүн кызматкерлерин кадрлар менен
камсыз кылуу жана социалдык жактан коргоо;
- маданияттын жана көркөм өнөрдүн материалдык-техникалык базасын
чыњдоо жана өркүндөтүү;
- маалыматтык чөйрөнү түзүү.
Программанын негизги максаттары
жана артыкчылыктары
Программа негизги стратегиялык максатка жетүүгө - кыргыз элинин
маданиятын жана тилин сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Алардын
маанилүүлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- демократиялык укук мамлекетинин идеологиялык жана адеп-ахлактык
негиздерин түзүү, анын ичинде чыгармачылык эркиндикти, жарандуулукту
жана патриоттуулукту кадырлоо;
- коомдун чыгармачыл потенциалын өнүктүрүү жана кайра чыгаруу үчүн
шарттарды түзүү;
- кыргыз элинин маданий салттарын сактоо, тарыхый ањ-сезимди
түзүү.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн Программа төмөнкүдөй артыкчылык-
туу милдеттерди чечүүнү карайт:
- азыркы мезгилдеги маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык түрлө-
рүн жана жанрларын өнүктүрүүнү колдоо, Ата-Мекендик жана дүйнөлүк мада-
нияттын баалуулуктарына бардык социалдык катмарлар үчүн жагымдуу шарт-
тарды түзүү;
- өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана аны коомдун мо-
ралдык-адеп-ахлактык биригишинин маанилүү фактору катары пайдалануу;
- маданият, көркөм өнөр мекемелеринин жана архив фондунун матери-
алдык-техникалык базасын чыњдоо жана жањылоо;
- маданияттын мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да уюмдарынын өнү-
гүшүнө ар тараптуу көмөктөшүү, маданият жана көркөм өнөр ишмерлеринин
чыгармачыл союздар жана башка коомдук бирикмелер менен өзара аракетин
жана кызматташуусун чыњдоо, маданиятты өнүктүрүүнүн жана сактоонун бир-
гелешкен долбоорлорун алардын ишке ашыруусу;
- кыргыз маданиятынын бийик кадыр-баркын чет өлкөлөрдө колдоо, көз
карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкөлөрү менен маданий кызмат-
таштыкты кењейтүү.
Күтүлүүчү натыйжалар
- маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө укуктук базаны түзүү;
- маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө башкаруу системасынын на-
тыйжалуулугун жогорулатуу;
- маданияттын жана көркөм өнөрдүн туруктуу иштеген жана дайыма
өнүгүп турган системасын түзүү;
- маданий ишмердик үчүн шарттарды түзүү;
- маданий баалуулуктардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү;
- адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кадрларды жер-жер-
лерде иштегенге калтыруу;
- маданият чөйрөсүн маалыматтык жана илимий камсыздоо;
- тармактын материалдык-техникалык базасын чыњдоо;
- Кыргыз Республикасынын кызыктыруучу кадыр-баркын түзүү.
Программаны ресурстук камсыздоо
Программа бюджеттен башка альтернативалуу каржылоо булактарынын
алсыздыгынан максимум мамлекеттик колдоону талап кылат.
Ишчараларды каржылоо белгиленген бюджеттин чегинде, финансылык
уюмдардын кредиттеринин, уюмдардын өздүк кирешелеринин жана башка бюд-
жеттен сырткаркы каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
Программаны ишке ашырууга 2007-2010-жылдарда республикалык бюджет-
тин, жергиликтүү бюджеттин каражаттары, ошондой эле тартылган каражат-
тар колдонулат. Каржылоонун бюджеттик жана бюджеттен сырткаркы булакта-
рын айкалыштыруу болжолдонууда.
Республикалык бюджеттен жалпы сарптоолор 1423,6 млн. сомду, анын
ичинде 2007-жылы - 282,6 млн. сомду, 2008-жылы - 485,9 млн. сомду,
2009-жылы - 36,6 млн. сомду, 2010-жылы - 293,5 млн. сомду түзөт.
Программанын негизги багыттары
1. Маданият чөйрөсүнүн укуктук жана институттук негиздерин өнүктү-
рүү.
2. Тарыхый-маданий мурасты, музейлерди, архив фондун, китепкана-
ларды сактоо жана өнүктүрүү.
3. Кесиптик жана салтка айланган көркөм өнөргө дем берүү, чыгарма-
чыл бирликтерди колдоо. Маданият аралык алмашуу.
4. Маданият чөйрөсүнүн кадрдык жана илимий потенциалын өнүктүрүү.
5. Материалдык-техникалык базаны бекемдөө жана модернизациялоо.
6. Маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү.
Маданият чөйрөсүнүн укуктук жана
институттук негиздерин өнүктүрүү
Акыркы он жылдагы социалдык-экономикалык жана саясый кайра өзгө-
рүүлөр кыргыз коомунун андан ары өнүгүшүнө кыйла таасир көрсөттү. Сая-
сый түзүлүштүн жањы түрлөрүнө жана чарба жүргүзүүнүн ыкмаларына өтүү
маданият, көркөм өнөр, адабият, тарыхый-маданий мурастар жана кинема-
тография, жалпыга маалымдоо каражаттары жана архивдик иш чөйрөсүндөгү
бүткүл ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгууну талап кылат.
Саналып өткөн тармактардын көптөгөн мыйзамдары жана мыйзам алдын-
дагы актылары 90-жылдардын башталышында, башка доордо кабыл алынган,
бул көптөгөн коллизиондук ченемдердин, айрым учурларда өзара жокко чы-
гаруучу чечимдердин болушуна өбөлгө болгон. Көпчүлүк ченемдик-укуктук
актылар азыркы чындыкка жана тенденцияларга, тармак менен аралаш мый-
замдардын ченемдерине ылайык келтирүүнү талап кылат. Кээ бир бөлүктөрү
аларда чагылдырылган социалдык-коомдук мамилелерди жөнгө салууга прин-
ципиалдуу жањы мамилени иштеп чыгууга муктаж. Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын ченемдерин эларалык келишимдерге ылайык келтирүү зарыл.
Өзгөчө маданиятты керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын жана укуктарын
коргогон ченемдер керек. Тактап айтканда бүгүнкү күндө коомдо адамдар-
дын психикасын жана ањ сезимин бузган маданий экстремизмден, маданият-
тын деструкциялык көрүнүштөрүнөн укуктук жактан коргоонун аракеттүү ме-
ханизмдери жок.
Маданияттын дењгээлин жогорулатуу үчүн эмгекке акы төлөөнүн жањы
механизмдерине жана тармактык системасына өтүү зарыл. Маданият тармагы-
на анын өзалдынча өнүгүүсү үчүн акча каражаттарын иштеп табууну кыйла
жигердештирүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Өздөрү иштеп табуу менен мада-
ният мекемелери көнүмүш болуп калган керектөөчү мамиледен чыга алышмак.
Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып маданият мекемелеринин функци-
ялары каралып чыккан эмес. Тармакты реструктуризациялоо жана оптимал-
даштыруу жөнүндө маселе мекемелердин тибин, ошондой эле региондордун
географиялык, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен
биринчи даражадагы милдеттерден болуп калууда.
Оптималдаштыруунун бирден-бир багыттарынын бири болуп региондордо
бар болгон бир катар маданият мекемелерин бириктирген көп функциялуу
комплекстерди түзүү болушу мүмкүн.
Бюджеттик процесстерди оптималдаштыруунун башка бир багыты болуп
финансылоонун түрлөрүн тандоо болушу керек. Бул тандоо мамлекеттик за-
казды жайгаштыруу менен смета боюнча финансылоонун ортосунда жасалышы
керек. Мамлекеттик заказды кыйла өзалдынча кирешелери бар маданият ме-
кемелерине жайгаштыруу максатка ылайыктуу. Бул алгач театрларга тиеше-
лүү. Акча каражаттарын өзалдынча иштеп табуу мүмкүнчүлүгү жок китепка-
налар сыяктуу мекемелер бөлүгүнөн алганда бюджеттик финансылоо колдону-
шу керек.
Милдеттер:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында маданият чөйрөсүндөгү жањы
мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана карама-каршылыктарды четтетүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин эларалык келишимдерге
ылайык келтирүү;
- институттук негизди бекемдөө. Бул чөйрөдө бардык функцияларды
кайталоону жана ишке ашырууну алып салуу үчүн маданият саясатынын чөй-
рөсүндө вертикалдуу жана горизонталдуу функциялык талдоону жүргүзүү;
- "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө маданиятты жана искусствону
финансылоонун 3 пайыздык көлөмүнө жетишүү;
- маданият саясатынын финансылык негиздерин бекемдөө. Меценаттыкты
өнүктүрүү жана маданият чөйрөсүнө жеке инвестицияларды тартуу үчүн че-
немдик укуктук базаны түзүү. Берилген акы төлөнүүчү жана кошумча кызмат
көрсөтүүлөрдөн маданият мекемелеринин кирешелерин жогорулатуу. "Мадани-
ятка карызды алмашуу" механизмин ("Экологияга карызды алмашуу" жана
"Социалдык программаларга карызды алмашуу" деген механизм менен анало-
гия боюнча) ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө;
- театр-оюн-зоок мекемелерин иштин контракттык формасына өткөрүү;
- маданият уюмдары үчүн жењилдетилген салык төлөөнү киргизүү;
- маданият жана көркөм өнөр кызматкерлерине эмгек акыны жогорула-
туу;
- билим берүү, социалдык жактан коргоо, туризм мекемелери менен
кызматташтыкты кењейтүү, мурдагы дурус ченем чыгаруу тажрыйбасын эсепке
алуу.
Тарыхый-маданий мурасты, музейлерди,
китепканаларды сактоо жана өнүктүрүү
Жаратылыштык жана маданий мурастын байлыгы, кењири руханий жана
материалдык мурас кыйла даражада Кыргыз Республикасынын бизнес, инвес-
тиция, туризм жана орун-очок алуу үчүн кызыктуулугун шарттайт.
Кыймылдуу жана кыймылсыз мурасты: китепканалык, музейлик, архив-
дик, кино, фото жана башка ушундай фонддорду сактоо боюнча иштин маани-
лүүлүгүн белгилөө зарыл. Өзгөчө маанилүү милдет - китеп чыгарууну өнүк-
түрүүгө, аны дањктоого дем берүү, ал өлкөнүн маданиятынын руханий зор
катмары болуп саналат.
Бул багыттагы ишти камсыз кылуу үчүн маданият органдарынын минист-
рликтер, ведомстволор, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен
план ченемдүү биргелешкен уюштуруу иши зарыл.
Милдеттер:
- маданий мурас обьекттерин түгөлдөөнү жүргүзүү, маданий мурас
обьекттерин ойдогудай абалда сактоо;
- уникалдуу китеп басылмаларын, архивдик документтерди, фильм фон-
дунун запастарын сактоо, архивдердин фонддорунун, китепканалардын,
фильм фонддорунун өзгөчө баалуу бирдиктерин камсыздандыруучу көчүрүү;
- маданий дөөлөттөрдү сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу;
- азыркы маалымат технологияларын пайдаланууда, маданият чыгарма-
ларын электрондук булактарда түзүүдө аларды сактоонун коопсуздугун кам-
сыз кылууда музейлердин, китепканалардын жана архивдердин артта калышы-
нан арылуу;
- мамлекеттик реестрди, маалыматтардын электрондук базаларын, ки-
тептик, музейлик фонддор, мезгилдүү, улантылган басылмалар боюнча лето-
пистерди түзүү;
- Кыргызстандын китепканалык-маалыматтык, музейлик ресурстарын то-
луктоо.
Кесипкөй жана салтка айланган көркөм өнөрдү
стимулдаштыруу, чыгармачыл союздарды колдоо.
Маданияттар ортосундагы алмашуу
Чыгармачыл көп түрдүүлүк Кыргыз Республикасынын жагымдуу образын
калыптандырууга олуттуу салым кошкон, жашоонун сапатына, Кыргыз Респуб-
ликасынын туризмин өнүктүрүүгө жана экономикасын калыптандырууга таасир
эткен фактор катары каралууга тийиш.
Кесипкөй жана ышкыбоз жамааттарды чыгармачыл өнүктүрүү үчүн макси-
малдуу жагымдуу шарттарды түзүү менен катар таланттарды колдоо аныктоо-
чулардын бири болуп калууга тийиш.
Дүйнөлүк рыноктордо Кыргызстандын атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн
күчөтүү үчүн оригиналдуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллекту-
алдык продуктуларды өндүрүүгө жана таратууга ар тараптан көмөктөшүү ке-
рек.
Милдеттер:
- улуттук фильмдерди, көркөм өнөрдүн музыкалык, театрдык, башка
түрлөрүн өндүрүүнү мамлекеттик колдоону камсыз кылуу;
- оюн, балдар, анимациялык, ошондой эле оюн эмес улуттук фильмдер-
ди кино өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү;
- мамлекет менен маданияттын жана көркөм өнөрдүн мекемелеринин со-
циалдык өнөктөштүгүн калыптандыруу;
- чыгармачыл иштин спецификасына жооп берген жана мамлекеттик кол-
доону жана кошумча финансылык булактарды бириктирүүгө мүмкүндүк берген
чарба жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- маданияттын жана көркөм өнөрдүн мамлекеттик эмес уюмдарын колдоо
механизмдерин иштеп чыгуу - чыгармачыл союздарды колдоо;
- көркөм өнөр чыгармаларын жаратууга гранттардын, конкурстардын,
стипендиялардын, мамлекеттик заказдардын системасын кењири өнүктүрүү;
- ар бир региондо окуучуларга, студенттерге жана аспиранттарга гу-
бернатордук стипендияларды уюштуруу;
- маданияттын өзгөчө маанилүү объекттерин күтүүгө гранттык негиз-
дерди калыптандыруу;
- адабият, маданият жана көркөм өнөр жагынан мыкты иштер үчүн ар
жылдагы сыйлыктарды, конкурстарды уюштуруу;
- камкордук көрүүчү кењештерди ар тараптан өнүктүрүү;
- айылда маданиятты кайра жаратуу жана өнүктүрүү, элдик майрамдар-
ды жана фестивалдарды өткөрүү салттарын, салтка айланган көркөм кол
өнөрчүлүктү сактоо;
- элдик чыгармачылык өнөрпоздорун, өнөрү бар таланттуу инсандарды
даректүү материалдык жана адеп-ахлактык колдоо;
- кесипкөй жана ышкыбоз көркөм өнөрдү уюштуруунун инновациялык
долбоорлорун турмушка ашыруу;
- маданият чөйрөсүндө аракеттенген мекемелерди жана жеке адамдар-
ды, чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрүн бириктирген чыгармачыл союздарды
жана башка коомдук уюмдарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- ак ниеттүү атаандаштыкка көмөк көрсөтүү максатында маданият чөй-
рөсүндө иштерди жүзөгө ашырган мамлекеттик эмес уюмдарды өнүктүрүү үчүн
шарттарды түзүү.
Маданият чөйрөсүнүн кадрдык жана
илимий потенциалын өнүктүрүү
Кадр проблемасы бүгүнкү күндө алда канча курч турат. Тармактан
адистердин кетиши жана жаштардын аз келиши маданий процесстин өндүрүм-
дүүлүгүн жана сапатын төмөндөтүп, демилгенин начарлашына жана маданият
чөйрөсүнүн өнүгүшүнүн солгундашына алып келүүдө.
Милдеттер:
- республиканын райондорунан окуу жайларына максаттуу топтоону жү-
зөгө ашыруу, мында аз камсыз болгон үйбүлөлөргө өзгөчө көњүл буруу;
- адистердин жана жетекчилердин кадрдык потенциалын түзүү;
- маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө үзгүлтүксүз билим берүүнүн
үч баскычтуу системасын (мектеп, окуу жайы, ЖОЖ) камсыз кылуу;
- маданият уюмдарынын жана маданият чөйрөсү үчүн башкаруучу кадр-
ларды калыптандырган билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштар-
ды чыњдоо жана өзара аракеттенүүнү кењейтүү;
- маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин социалдык жактан кор-
голушун күчөтүүгө көмөктөшүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу;
- маданият кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун учурда-
гы системасын калыптандыруу;
- акы төлөнүүчү жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн маданият меке-
мелеринин кирешелерин жогорулатуу;
- республиканын маданият кызматкерлеринин маалымат базасын түзүү,
кадрларга муктаждыктарды болжолдоо;
- маданий билим берүү процессинин усулдук жактан камсыз кылынышы-
нын дењгээлин жогорулатуу;
- инновациялык моделдерди жана методикаларды, учурдагы техникалык
жана технологиялык каражаттарды өздөштүрүү;
- билим берүү функциясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө жана артыкчы-
лыктуулугуна коомдун көњүлүн бурууга багытталган маданий-билим берүү
ишин өнүктүрүү.
Материалдык-техникалык базаны
чыњдоо жана өркүндөтүү
Материалдык-техникалык базанын абалы маданият жана көркөм өнөр ме-
кемелеринин эњ курч проблемаларынын бири болуп саналат. Маданият жана
көркөм өнөр мекемелерине жүктөлгөн функцияларды аткаруу стабилдүү бюд-
жеттик финансылоо менен камсыз кылынууга тийиш. Маданият мекемелери ээ-
леген имараттарды жана жайларды ойдогудай түргө келтирүү үчүн кыйла
күч-аракеттер талап кылынат.
Азыркы учурда маданият мекемелерин өнүктүрүү жана сактоо үчүн жањы
шарттарды жана кубаттуулуктарды түзүү талап кылынат, ал имараттарды
техникалык жактан өркүндөткөн, жањы технологияларды киргизген шартта
гана мүмкүн.
Милдеттер:
- республикалык, ошондой эле региондук дењгээлдерде маданият жана
көркөм өнөр мекемелеринин объекттерин шашылыш баштан-аяк жана учурдагы
оњдоодон өткөрүү;
- айылдык маданият мекемелерине: клубдарга, музейлерге оњоодо,
жабдууларды жана музыкалык шаймандарды сатып алууда уюштуруу жана мате-
риалдык колдоо көрсөтүү;
- маданият жана көркөм өнөр мекемелери, чыгармачыл уюмдар ээлеген
аянттарды кењейтүү, жањы объекттерди куруу,
- кино жүгүртүү жана кино көрсөтүү түйүнүн түзүү, колдо болгон ки-
нозалдарды реконструкциялоо жана кайра жабдуу, айыл жеринде кино-жана
видеотүзүлүштөрдү пайдаланууга киргизүү,
- мамлекеттик театрлардын жана концерттик уюмдардын материал-
дык-техникалык базасын чыњдоо
Маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү
Массалык коммуникацияларды өркүндөтүү калктын маалыматка жеткилик-
түүлүгүн жакшыртуунун шарты болуп саналат. Бул багытта өлкөнүн телера-
диоберүү комплексин өнүктүрүү стратегиясын түзүү артыкчылыктуу болуп
саналат, ал жањы техникалык дењгээлге өтүү, анын ичинде аналогдук теле-
радиоберүүнү цифралыкка алмаштыруу жолу менен турмушка ашырылат. Техни-
калык жаткан кайра жабдуу өлкөнүн калкын социалдык жактан маанилүү бол-
гон долбоорлор менен камтууга мүмкүндүк берет, алар адистештирилген
программалардын санын жана сапатын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, алар жа-
њылык, билим берүү, көркөм, илимий-таануу, спорттук, балдар, музыкалык
жана жарандардын суроо талаптарын канаттандырган башка программаларды
камтыйт.
Берүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү, анын ичинде Интернетти ке-
њейтүү социалдык жактан жооптуу продуктуларды түзүүнү артыкчылыктуу
милдет кылат, алар билим берүү, илим, тарых темалары боюнча агартуу
долбоорлоруна, оњ каармандын образын түзгөн көркөм чыгармаларга, патри-
оттук тарбиялоого жана терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган програм-
маларга мамлекеттик гранттардын системасы менен колдоого алынууга тий-
иш.
Техникалык жабдылышын өркүндөтүү жана социалдык багыттагы продук-
туларды колдоо жалпыга маалымдоо каражаттарына жана китеп чыгаруу меке-
мелерине зарыл.
Милдеттер:
- өлкөнүн калкын телерадиопрограммалардын социалдык жактан маани-
лүү пакети менен максималдуу камтууга жетишүү, маалыматтык, көркөм,
илимий-таануу, спорттук, балдар, музыкалык жана башка берүүлөрдү камты-
ган адистештирилген программалардын санын жана сапатын арттыруу;
- басылма жалпыга маалымдоо каражаттарын жана китеп чыгаруу ишин
колдоо;
- телерадиоберүү ишин лицензиялоонун жана контролдоонун алда канча
натыйжалуу тартибин иштеп чыгуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 5
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-ноябрынын, № 418 "Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборун тузуу жонундо" ЖарлыгыУказ · 24.11.2004 · № 418
- Маданият жөнүндөЗакон · 07.04.2009 · № 119
- КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.02.2020 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-ноябрындагы №523 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын…Указ · 29.11.2007 · № 523 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Китепкана иши жөнүндөЗакон · 16.11.1998 · № 145
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Об обязательном экземпляре документовЗакон · 22.11.1997 · № 83
- Маданият жөнүндөЗакон · 05.03.1992 · № 803-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндөЗакон · 05.02.2000 · № 37 · Күчүн жоготкон