Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурсттук комиссиясын курамын бекитүү жөнүндө» токтому
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезексиз XXXII сессиясы
2020-жылдын 16-июну №32-3
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурсттук комиссиясын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2003-жылдын 10-октябрндагы 6- чакырылышынын 19-2 чечими менен бекитилген А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрндагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкур өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүүлүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык комиссия курамын бекитүү жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, Ош облусунун Ноокат районунун А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2003-жылдын 10-октябрндагы 6- чакырылышынын 19-2 чечими менен бекитилген А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү жөнүндө уставына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрндагы №706 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкур өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүүлүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
К.Гайназаров –А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы,
Ю.Сайтбаев –А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башкысы адиси, комиссиянын катчысы ,
Ч.Инакова –айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы , комиссиянын мүчөсү
М.Саткинова –Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү,
Н.Маматхалилов – жарандык коомдун өкүлү (макулдашуу боюнча)
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Ч.Инакова –А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы, комиссиянын төрагасы,
Ю.Сайтбаев –А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башкысы адиси, комиссиянын катчысы ,
Ч.Инакова –айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы , комиссиянын мүчөсү
М.Саткинова –Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү,
Н.Маматхалилов – жарандык коомдун өкүлү (макулдашуу боюнча)
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковаларга тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы А.Тохтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон