# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы №506 "Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы №506 "Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 506
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4681>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2260/edition/288663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4681.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы №506 "Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздук концепциясы жөнүндө" Жарлыгы (27.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4681

---

КР Президентинин 2025-жылдын 27-мартындагы ПЖ № 105 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-ноябры ПЖ № 506

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Экологиялык

коопсуздук концепциясы жөнүндө

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал-

дуу пайдалануу жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча

натыйжалуу ишти камсыз кылуу, туруктуу адамды өнүктүрүүгө жетишүү мак-

сатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы №

469 токтому менен жактырылган, тиркелген Кыргыз Республикасынын Эколо-

гиялык коопсуздук концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Экология-

лык коопсуздук концепциясынын жоболоруна ылайык 2008-жылдын 1-мартына

чейин өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган

иш-чаралардын комплексин иштеп чыксын жана кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине мамлекеттик

бийлик органдарын координациялоо жана өзара аракетте болуу боюнча жана

толук көлөмдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде баш-

каруунун иш милдеттерин камсыз кылуу бекитилсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Коопсуздук кењешинин аппаратына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
