Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө»Мыйзамы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 15 августа 2007 года № 153 "О государственной пошлине"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-08-15.
Кыргыз Республикасынын
2005-жылдын 12-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык
күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 28-июну № 61
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья
1-статья.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 153 Мыйза-
мына ылайык күчүн жоготту)
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 6, 80-ст.) төмөнкү
өзгөртүү киргизилсин:
335-статьянын 3-пункту 3-пунктчадагы "мүмкүн болбосо" деген
сөздөрдөн кийин ";" белгиси коюлуп, төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен
толукталсын:
"4) тараптардын ортосунда талаштар болгондо".
3-статья.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 6, 233-ст.) төмөнкү
толуктоо киргизилсин:
6-статья төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Эгерде бул күрөө жөнүндө келишим менен каралса, бир милдеттен-
ме аткарылган учурда күрөө тыюу салууну алып салбастан башка кийинки
милдеттенмелерди да камсыз кылышы мүмкүн.".
4-статья.
"Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 9, 438-ст.) төмөнкү
толуктоо киргизилсин:
4-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде келишим ошол эле жактарга тиешелүү болсо жана бул ипотека
жөнүндө келишим менен каралса, бир милдеттенме аткарылган учурда ипоте-
ка тыюу салууну алып салбастан башка кийинки милдеттенмелерди да камсыз
кылышы мүмкүн."
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик
укуктук актыларын Ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
6-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
2001-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- О государственной пошлинеЗакон · 16.12.1992 · № 1072-XII · Күчүн жоготкон
- Об ипотекеЗакон · 29.05.1999 · № 41 · Күчүн жоготкон
- О залогеЗакон · 27.06.1997 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 сентября 2001 года №508 "О внесении изменений и дополнений в ставки государственной пошлины, утвержденные постановлением Правительства…Постановление · 01.09.2001 · № 508 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Об ипотекеЗакон · 29.05.1999 · № 41 · Күчүн жоготкон