# Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 5-июнундагы № 6 "Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 5-июнундагы № 6 "Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467972>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66746/edition/1022926/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 5-июнундагы № 6 "Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому (05.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467972

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

2020-жылдын 5-июну № 6 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 01-10/35 чыгыш сандуу катын карап, талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына кирген өзгөрүүлөрдүн негизинде жергиликтүү кеңештин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдиги бекитилсин.

2. Эмгек акысы жобонун негизинде төлөнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

Ы.Ж.Эрмаматов
