# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-ноябрындагы №523 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекитүү жөнүндө " Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-ноябрындагы №523 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекитүү жөнүндө " Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2258/edition/1009142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-ноябрындагы №523 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекитүү жөнүндө " Жарлыгы (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4679

---

КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 29-ноябры ПЖ № 523

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында

маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн

Улуттук программасын бекитүү жөнүндө

Маданияттын, көркөм өнөрдүн жана адабияттын бүткүл чөйрөсүн систе-

малык өнүктүрүү, руханий, адеп-ахлактык салттарды сактоо үчүн шарттарды

түзүү максатында токтом кылам:

1. 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм

өнөрдү өнүктүрүүнүн тиркелген Улуттук программасы (мындан ары - Прог-

рамма) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Программаны турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын планын эки ай-

лык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту жыл сайын 15-ян-

варга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына бе-

рип турсун.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-

дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
