# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-февралындагы № 63-27 "Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча ЖӨБгө айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндо келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-февралындагы № 63-27 "Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча ЖӨБгө айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндо келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63-27
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66605/edition/1080218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын 22-февралындагы № 63-27 "Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча ЖӨБгө айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндо келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (22.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467828

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-февралы № 63-27 Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча ЖӨБгө айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндо келишимди бекитүү жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевдин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтү жана Мамлекеттик статистиканын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн статистикалык маалыматты чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

2. Ушул келишимде аталган жергиликтүү оз алдынча башкаруу органынын укуктарын жана милдеттерин аткарууну контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага:

А. Филимоненко
