# Чалма айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 34/1 "Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чалма айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 34/1 "Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34/1
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467794>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-66571/edition/1019961/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чалма айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 34/1 "Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (15.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467794

---

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ЧАЛМА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ОТУЗ ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫНЫН (VI ШАЙЛАНГАН)

3АСЕДАНИЯСЫ

2020-жылдын 15-июну № 34/1 Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынчы башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Чалма айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штат бирдигин жана эмгек акы өлчөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынчы башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Чалма айыл кеңешине айылдык кеңештин жооптуу катчысы 1 штаттык кызмат орду жана 5000 сом өлчөмүндөгү айлык акысы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын

Төрага

А.Кадыркулов
