Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 10 августа 2013 года УП № 174 "Об утверждении Положения о порядке рассмотрения вопросов гражданства Кыргызской Республики и Положения о Комиссии по вопросам гражданства при Президенте Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-10-25.
КР Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы ПЖ N 174 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 25-октябрындагы
№ 473 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
III. Комиссиянын ишин камсыз кылуу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселеле-
ри боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын жа-
рандык маселелерди чечүү боюнча мамлекет башчысынын конституциялык ый-
гарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу кењеш берүүчү жана консультациялык орган болуп
саналат
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыр-
гыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын
Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону же-
текчиликке алат.
Комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
бекитилет.
II. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат - Кыр-
гыз Республикасынын жарандык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республи-
касынын Конституциясы менен жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык жана талдоо
жагынан камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентине жарандык жаа-
тында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, кыргыз жарандыгынын институтун
өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо, Кыргыз Республикасынын Президенти-
не Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюн-
ча, ошондой эле ушул чөйрөдө пайда болуучу маселелерди чечүү боюнча су-
нуштарды даярдоо.
4. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республи-
касынын жарандыгын калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын жарандыгын
токтотуу жөнүндө арыздарды алдын ала кароо жана алар боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Президентине сунуштарды даярдоо, Кыргыз Республикасынын
жарандык жөнүндө мыйзамдарын талдоо жана колдонуу практикасын жалпылоо;
- жарандык маселелери боюнча эларалык уюмдар менен өзара аракетте-
нүү;
- жарандык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эларалык кели-
шимдерин, ошондой эле ушул маселелер боюнча эларалык ишчараларды өткө-
рүү үчүн материалдарды даярдоого катышуу; Кыргыз Республикасынын жаран-
дык маселелер боюнча кењешмелерге, конференцияларга жана башка ишчара-
ларга катышуу;
- Комиссиянын иши жөнүндө ар жылда доклад даярдоо жана аларды Кыр-
гыз Республикасынын Президентине берүү.
III. Комиссиянын ишин камсыз кылуу
5. Комиссия өзүнүн негизги милдеттерин чечүү максатында төмөнкү-
лөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийлик органдарынан, ошондой эле мекемелерден, уюм-
дардан жана кызмат адамдарынан белгиленген тартипте зарыл болгон мате-
риалдарды суратууга жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана ат-
каруу бийлик органдарынын маалыматтар банкы менен белгиленген тартипте
колдонууга; Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарын ишке
ашырууга тийиштүү кырдаалдарды аныктоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына кыз-
мат адамдарын чакырууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө ишти алып жүргөн ыйга-
рым укуктуу органдарга Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзам-
дарын колдонуу тартибине тийиштүү сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү жибе-
рүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппараты, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен белгиленген тартипте өзара ара-
кеттенүүгө;
- жарандык маселелер менен алектенген чет мамлекеттин органдары,
чет өлкөлүк жана эларалык уюмдар менен белгиленген тартипте өзара ара-
кеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө маселелер боюнча кењеш-
мелерди, конференцияларды жана башка ишчараларды өткөрүүгө.
6. Комиссиянын ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруу-усулдук, докумен-
тациялык жана укуктук камсыз кылууну Комиссиянын катчылыгы жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын башка бөлүмчөлөрү ишке
ашырат.
7. Комиссия курамында Комиссиянын төрагасы жана алты мүчөсү болуп
түзүлөт.
Комиссиянын жооптуу катчысы Комиссиянын курамына кирет жана Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын штатында турат.
Комиссиянын төрагасы жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү анын ишине туруктуу негизде
катышат.
9. Комиссиянын жыйналыштары зарылчылыгына жараша, бирок эки айда
бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын
мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмес мүчөлөрү катышса, ыйгарым укуктуу болуп
саналат.
Комиссиянын жыйналыштарын Комиссиянын төрагасы алып барат, ал эми
ал жок болгон учурда Комиссиянын төрагасынын орунбасары же Комиссиянын
төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири алып барат.
10. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлө-
рүнүн көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган
учурда жыйналышта төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп
эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жыйналышка
келген Комиссия мүчөлөрү кол коет.
Өзгөчө учурларда Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комис-
сиянын мүчөлөрүн персоналдык сурамжылоо аркылуу чечим кабыл алууга жол
берилет. Чечим протокол менен белгиленген тартипте таризделет.
Комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик бийлик органдарынын, коом-
дук бирикмелердин, ЖМКлардын өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар жана
адистер чакырылышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөЗакон · 21.05.2007 · № 70
- КР Презиидентинин 2013-жылдын 10-августундагы ПЖ № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине…Указ · 10.08.2013 · № 174
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 473 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндөгү Жобону, Кыргыз Республикасынын…Указ · 25.10.2007 · № 473 · Күчүн жоготкон