# (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 473 Жарлыгы менен бекитилген )Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобо

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 473 Жарлыгы менен бекитилген )Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобо
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 473
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-151/edition/491780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4675.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 473 Жарлыгы менен бекитилген )Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобо (25.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4675

---

КР Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы ПЖ N 174 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

№ 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 25-октябрындагы

№ 473 Жарлыгы менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин

кароонун тартиби жөнүндө

ЖОБО

I. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же токтотуу

үчүн зарыл болгон арыздарды жана башка документтерди

толтуруунун жана берүүнүн тартиби

II. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган

адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын

аныктоонун жана тариздөөнүн тартиби

III. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу

IV. Ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери жана функциялары

V. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча

чечимдер жана аларды аткаруу

VI. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча

чечимдерди алып салуу

1-тиркеме. Анкета-арыз

2-тиркеме. Анкета-арыз

3-тиркеме. Маалымкат

4-тиркеме. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө

Маалымкат

5-тиркеме. Корутунду

Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү" 2007-жылдын

21-майындагы N 70 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мый-

зам) ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча арыздарды

толтуруунун жана берүүнүн, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун

жана токтотуунун маселелерин кароонун, аталган маселелер боюнча чечим-

дерди кабыл алуунун, аткаруунун жана даттануунун тартибин аныктайт,

ошондой эле арыздардын формаларын жана зарыл документтердин тизмесин

белгилейт.

I. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же токтотуу

үчүн зарыл болгон арыздарды жана башка документтерди

толтуруунун жана берүүнүн тартиби

1. Арыз - Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча

анкета (мындан ары - арыз) жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

же токтотуу үчүн зарыл болгон документтер аракетке жөндөмдүү эрезеге

жеткен адам тарабынан берилет:

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган учурда - арыз

ээсинин жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын райондук же шаардык

ички иштер органдарына (мындан ары - ички иштер органдары);

- Кыргыз Республикасынан сырткары жерде туруктуу жашаган учурда -

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук меке-

мелерине.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын аймагында арыз берилген учурда мамлекеттик алым алынат, ал

эми Кыргыз Республикасынан сырткары жерлерде - Кыргыз Республикасынын

эларалык келишимдеринде же башка ченемдик укуктук актыларында башкасы

каралбаган болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартип-

те консулдук жыйым алынат.

2. Арыз Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же токтотуунун

ачык-айкын негиздерине ылайык форма боюнча эки нускада түзүлөт. Бардык

зарыл документтер эки нускада чогултулат: арыздардын бирине документ-

тердин түп нускасы, экинчисине - көчүрмөлөрү тиркелет.

3. Арыз ички иштер органдарына же Кыргыз Республикасынын диплома-

тиялык өкүлчүлүктөрүнө (же консулдук мекемелерине) арыз ээсинин жеке

өзү тарабынан тапшырылат. Өзгөчө учурларда жүйөлүү себептерди эске алуу

менен арыз башка адамдар аркылуу же почта боюнча берилиши мүмкүн.

4. Аракетке жөндөмсүз адамдын же бойго жетелек адамдын арызы анын

мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында нотариалдык жак-

тан, ал эми Кыргыз Республикасынан сырткары жерлерде - Кыргыз Республи-

касынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан

ырасталган өтүнүчү боюнча каралат.

5. Арыз ээси арыз менен бир учурда эле Мыйзамдын 33-статьясында

жана ушул Жободо каралган бардык зарыл документтерди берет. Бул доку-

менттер мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлүшү же ошол тилдердин бири-

не котормосу менен коштолушу керек. Документтердин котормосунун туура-

лыгы нотариалдык жактан же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчү-

лүгүнүн (же консулдук мекемесинин) кызматкери тарабынан консулдук жыйым

албастан күбөлөндүрүлөт.

6. Арызга арыз ээси жеке өзү ал түзүлгөн күндү көрсөтүү менен кол

коюуга тийиш. Дене боюнун кемчилдигинен улам, сабатсыздыгы же кандай-

дыр-бир башка себептер боюнча документтерге өзү кол кое албаган адам

арыз берген учурда анын тапшыруусу боюнча, анын катышуусунда жана арыз-

ды кабыл алган кызмат адамынын катышуусунда аларга ыйгарым укуктуу ор-

гандардын кызматкерлерин кошпогондо башка адамдар тарабынан кол коюлушу

мүмкүн. Документке кызмат адамы арыз берүүчү үчүн колду башка адам арыз

ээсинин катышуусунда кол койгондугу жөнүндө жазууну жазып, документке

арыз ээси өз колун кое албагандыгынын себебин, ошондой эле кол койгон

адамдын фамилиясын, аты-жөнүн жана жарандыгын, анын жашаган жеринин да-

регин жана анын ким экендигин тастыктаган документтин номерин көрсөтөт.

7. Мыйзамда жана ушул Жободо каралган бардык зарыл жана талаптагы-

дай толтурулган документтерди арыз ээси берген күндөн баштап арыз ка-

роого кабыл алынды деп эсептелинет.

Эгерде жүйөлүү себептерден улам жана Мыйзамдын 31-статьясына жана

Жобонун 3-пунктуна ылайык арыз ээси арызды жана зарыл документтерди

башка адам аркылуу берсе же аларды почта аркылуу жиберсе, анда арыз

бардык зарыл жана талаптагыдай толтурулган документтер болгон шартта

аны ыйгарым укуктуу алган күндөн баштап кароого кабыл алынды деп эсеп-

телинет.

8. Ички иштер органдары же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык

өкүлчүлүктөрү (же консулдук мекемелери) арыз келип түшкөндө аны каттайт

жана арыз ээсине арызды жана мыйзамга, жана ушул Жобого ылайык тиркел-

ген документтерди кароого кабыл алуу жөнүндө маалымкатты кабыл алуу да-

тасын көрсөтүү менен берет. Арызды үчүнчү жак аркылуу же почта боюнча

алган учурда маалымкат арыз ээсине ошол адамдар аркылуу берилет же поч-

та боюнча жиберилет.

9. Сунуш кылынган документтерде маалыматтар толук же так эмес

экендиги аныкталганда ички иштер органдары же Кыргыз Республикасынын

дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (же консулдук мекемелери) аларды арыз ээси-

не тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн кайра кайта-

рууга тийиш.

Арыз ээси тарабынан жасалма документтерди берүү же атайылап жалган

маалыматтарды берүү арыз кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп са-

налат, бул туурасында улуттук коопсуздуктун аймактык органдарына мил-

деттүү тартипте билдирилет.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына жалпы тартипте кабыл алуу

10. 18 жашка жеткен жана аракетке жөндөмдүү четөлкөлүк жарандар

жана жарандыгы жок адамдар Мыйзамдын 13-статьясында каралган шарттарды

сактоо менен жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл

алынышы мүмкүн.

Жалпы тартипте жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү арыз-анкета менен

бирге (1-тиркеме) төмөнкү документтерди берүү зарыл:

- арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин (паспорт, че-

төлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын жашоого болгон уруксаты)

түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү;

- ак фондогу 4x6 өлчөмүндө эки түстүү фотосүрөтү;

- мамлекеттик алымды (консулдук жыйымды) төлөгөндүгү жөнүндө дү-

мүрчөк же аларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө документ;

- жашоо үчүн каражаттарынын мыйзамдуу булактарынын бар экендиги

жөнүндө документ (жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, жеке жактын

кирешесине салык органынын белгиси коюлган салыктар боюнча декларация,

иштеген жеринен маалымкат, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүгү, жөлөк-

пул алуу жөнүндөгү социалдык коргоо органынын маалымкаты, алимент ал-

гандыгынын ырастамасы, кредиттик мекемедеги салымы жөнүндө эсебинин но-

мери көрсөтүлгөн маалымкат, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк, арыз ээси

багуусунда турган адамдын кирешеси жөнүндө маалымкат, же мыйзам менен

тыюу салынбаган иштен алынган кирешесин ырастаган башка документ);

- Кыргыз Республикасынын аймагында соњку беш жыл үзгүлтүксүз ту-

руктуу жашагандыгын ырастаган документ (каттоо жөнүндө белгиси бар пас-

порту, четөлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын каттоо жөнүндө

белгиси бар жашоого болгон уруксаты жана жашаган жеринен маалымкат);

- арыз ээсинин мамлекеттик же расмий тилди билгендигин ырастаган

документ. Мындай маалымкат кыргыз же орус тилдери окутулган окуу жайын

аяктагандыгы жөнүндө документи бар адамдан талап кылынбайт;

- Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (КЭР, Казакстан

Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) жа-

рандары үчүн - мурдагы жарандыгынан баш тарткандыгы жөнүндө жеке арызы.

Эгерде арыз ээси бир эле учурда жашы жетелек балдарды Кыргыз Рес-

публикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнсө, төмөнкүлөр көрсөтү-

лөт:

- нике жөнүндө, балдардын туулгандыгы жөнүндө, камкордук кылуу же

көзөмөлдүк кылууну белгилөө жөнүндө, ата-эне укугунан ажыратуу жөнүндө

күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;

- 14-18 жаштагы курактагы балдардын жарандыкты өзгөртүүгө жазуу

жүзүндөгү нотариалдык жактан ырасталган макулдугу.

Мыйзамдын 13-статьясынын 2-пунктуна ылайык документтерди тапшыруу-

да Кыргыз Республикасынын аймагында жашоонун мөөнөтү арыз берген учурга

карата үчтөн бирге чейин кыскартылат жана 1-пунктта көрсөтүлгөн доку-

менттерге кошумча эгерде арыз ээси:

- Кыргыз Республикасынын жараны менен никеде турса - нике жөнүндө

күбөлүктүн;

- илим, техника, маданият жагында жетишкендиктери бар болсо же

Кыргыз Республикасында талап кылынган кесипке же квалификацияга ээ бол-

со - Кыргыз Республикасынын жарандыгына арыз ээсин кабыл алуу жөнүндө

таламдаш мамлекеттик органдын өтүнүчүнүн;

- Кыргыз Республикасында качкын болуп саналса - качкындын күбөлү-

гүн;

- Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция киргизсе - Кыр-

гыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан берилген инвестицияны

киргизгендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн тапшырат.

11. Мыйзамдын 13-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандыгына кабыл алуу мамлекеттик бийлик органынын же жогор-

ку кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуусунун

негизинде жүргүзүлөт. Кайрылууда ал адамдын Кыргыз Республикасынын ал-

дындагы өзгөчө сињирген эмгеги көрсөтүлөт, ошондой эле аны Кыргыз Рес-

публикасынын жарандыгына кабыл алуунун максатка ылайыктуулугу негизде-

лет.

Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сињирген эмгеги болуп илим,

техника, өндүрүш, маданият, спорт жагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери,

экономиканы өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасын коргоого жана коопсузду-

гун камсыз кылууга кошкон салымы жана Кыргызстандын эларалык беделин

көтөрүүгө өбөлгө болгон башка сињирген эмгектер саналат.

Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сињирген же республи-

канын экономикасына инвестор болуп саналган адамга Кыргыз Республикасы-

нын жарандыгын берүү жөнүндө чечимди ал адамдын эрки болгон учурда Кыр-

гыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл

алуу

12. 18 жашка жеткен жана аракетке жөндөмдүү четөлкөлүк жарандар же

жарандыгы жок адамдар Мыйзамдын 14-статьясынын биринчи бөлүгүнүн неги-

зинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл

алынышы мүмкүн.

13. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын

аймагында кеминде бир жыл жашаган четөлкөлүк жарандар же жарандыгы жок

адамдар арыз-анкета менен бирге (1-тиркеме) төмөнкүлөрдү тапшырат:

- арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин (паспорт, че-

төлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын жашоого болгон уруксаты)

түп нускасы жана ксерокөчүрмөсу;

- жашаган жеринен маалымкат, ак фондогу 4x6 өлчөмүндө эки фотосү-

рөтү;

- мамлекеттик алымды (консулдук жыйымды) төлөгөндүгү жөнүндө дү-

мүрчөк же аларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө документ;

- жашоо үчүн каражаттарынын мыйзамдуу булактарынын бар экендиги

жөнүндө документ (жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, жеке жактын

кирешесине салык органынын белгиси коюлган салыктар боюнча декларация,

иштеген жеринен маалымкат, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүгү, жөлөк-

пул алуу жөнүндөгү социалдык коргоо органынын маалымкаты, алимент ал-

гандыгынын ырастамасы, кредиттик мекемедеги салымы жөнүндө эсебинин но-

мери көрсөтүлгөн маалымкат, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк, арыз ээси

багуусунда турган адамдын кирешеси жөнүндө маалымкат, же мыйзам менен

тыюу салынбаган иштен алынган кирешесин ырастаган башка документ);

- Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз туруктуу жашаганды-

гын ырастаган документ (каттоо жөнүндө белгиси бар паспорту, четөлкөлүк

жарандын жана жарандыгы жок адамдын каттоо жөнүндө белгиси бар жашоого

болгон уруксаты жана жашаган жеринен маалымкат, каттоо талону);

- арыз ээсинин мамлекеттик же расмий тилди билгендигин ырастаган

документ Мындай маалымкат кыргыз же орус тилдери окутулган окуу жайын

аяктагандыгы жөнүндө документи бар адамдан талап кылынбайт;

- Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (КЭР, Казакстан

Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) жа-

рандары үчүн - мурдагы жарандыгынан баш тарткандыгы жөнүндө жеке арызы.

Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл

алуу боюнча документтерди берүүдө төмөнкү документтер кошумча сунуш кы-

лынат:

- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-энеси бар экен-

диги жөнүндө - ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасында туулса - туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн

көчүрмөсү;

- кыргыз улутундагы адам болуп саналгандыгы - кыргыз улутун ырас-

таган документ (паспорт, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк) же ата-энесинин

билимин кыргыз улутунда экендигин ырастаган документ;

- ушул Жобонун 13-пунктунун бешинчи пунктчасында көрсөтүлгөн доку-

менттер тапшырылбайт.

14. Эгерде арыз ээси бир эле учурда жашы жетелек балдарды Кыргыз

Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнсө, анда Мыйзамда

каралган жагдайларга жараша жогоруда саналып өткөн документтерге кошум-

ча:

- балдардын туулгандыгы жөнүндө, камкордук кылуу же көзөмөлдүк кы-

лууну белгилөө жөнүндө, ата-эне укугунан ажыратуу жөнүндө күбөлүктүн

түп нускасы жана көчүрмөсү;

- 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдардын жарандыкты өзгөр-

түүгө жазуу жүзүндөгү нотариалдык жактан ырасталган макулдугу;

- балдарынын жарандыгын өзгөртүү маселеси боюнча ата-энелеринин

жазуу жүзүндөгү нотариалдык жактан ырасталган макулдугу (Мыйзамдын 14,

21-статьяларына ылайык).

15. Арыз ээсине байланыштуу болбогон себептерден улам көрсөтүлгөн

документтердин кайсы бирин тапшыруу мүмкүн болбогон учурда арызга ал

себепти кењири түшүндүргөн түшүндүрмөнү тиркөө зарыл.

Зарыл документтер жок болгон же талаптагыдай толтурулбаган учурда

ыйгарым укуктуу органдын кызматкери жарандык маселеси боюнча арызды жа-

на зарыл документти толтуруунун тартибин арыз ээсине түшүндүрүүгө мил-

деттүү. Арыз ээсинен жарандык маселеси боюнча анын арызын кабыл алуудан

баш тартуунун себебин жазуу жүзүндө түшүндүрүп берүү өтүнүчү түшкөндө

ыйгарым укуктуу органдын кызматкери андай өтүнүчтү канааттандырууга

милдеттүү.

16. Ички иштер органдары же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык

өкүлчүлүгү (же консулдук мекемеси) тиркелген документтер менен бирге

арыздарды алдын ала текшерүү жүргүзөт жана аларды Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министрлигине же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-

нистрлигине жиберет.

17. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорт жана

визалык контроль департаменти жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер

министрлигинин консулдук кызмат департаменти сунуш кылынган материал-

дарды текшерет, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашат, аларды

карайт жана алар боюнча жүйөлүү жана негиздүү корутунду даярдайт. Сунуш

кылынган документтерде толук эместиктер же так эмес маалыматтар табыл-

ган учурда алар арыз ээсине тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү үчүн кайра кайтарылат.

18. Корутундуда арыз ээси жөнүндө текшерилген маалыматтар кењири

баяндалат, Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арызды

канаттандыруу же баш тартуунун максатка ылайыктуулугу тааныла турган

жүйөөлөр көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорт жана ви-

залык контроль Департаменти даярдаган корутундуга паспорт жана визалык

контроль Департаментинин кызматкери кол коет жана начальниги же анын

орунбасары ырастайт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат

Департаменти даярдаган корутундуга консулдук кызмат Департаментинин

кызматкери кол коет жана директор же анын орунбасары ырастайт.

19. Корутунду арыз ээсинин колдо бар бардык материалдары менен

бирге Комиссияга жөнөтүлөт, бул туурасында арыз ээсине жазуу жүзүндө

билдирилет.

20. Ички иштер органдарында, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык

өкүлчүлүктөрүндө (же консулдук мекемелеринде), Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр-

лигинде арызды кароо мөөнөтү жалпы тартип боюнча 90 күндөн жана жөнө-

көйлөтүлгөн тартип боюнча 30 күндөн ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арызды кароо

жана алар боюнча чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентине

караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссияга талаптагыдай толтурулган

документтерди тиркөө менен өтүнүч берилген күндөн баштап жалпы тартипте

өтүнүч боюнча алты айга чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.

Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга

же жарандыктан чыгууга өтүнүч кылган адамдын арызын кароонун жана алар

боюнча чечим кабыл алуунун жалпы мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Прези-

дентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссияга талаптагыдай

толтурулган документтерди тиркөө менен өтүнүч берилген күндөн баштап үч

айлык мөөнөттү түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылган күндөн

баштап жарандык өзгөртүлөт.

Жарандык маселелери боюнча кайталап берилген арыздар бул маселе

боюнча мурдагы чечим кабыл алынгандан кийин бир жыл өткөндө каралат.

Арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болбой турган иш үчүн олуттуу

жагдайлар келип чыккан учурда кайталап берилген арыздар мурдараак кара-

лышы мүмкүн.

21. Ыйгарым укуктуу органдар арыз ээсине анын документтеринин тур-

ган орду жана кароо мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына мамлекеттер аралык макулдашуу-

ларга ылайык кабыл алуу

22. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мамлекеттер

аралык макулдашуулар менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун

башкача тартиби да каралышы мүмкүн. Мындай болгон учурда мамлекеттер

аралык макулдашуулардын ченемдери колдонулат.

23. Кыргыз Республикасынын жарандыгын мамлекеттер аралык макулда-

шууларга ылайык алуунун тартиби өзүнчө ченемдик укуктук актылар менен

жөнгө салынышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү

24. Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган четөлкөлүк

жарандар же жарандыгы жок адамдар Мыйзамдын 15-статьясы жана ушул Жобо-

нун 13-пункту менен белгиленген тартиптерди сактоо менен өтүнүч боюнча

Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтириши мүмкүн.

II. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган

адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын

аныктоонун жана тариздөөнүн тартиби

25. Кыргыз Республикасынын аймаганда туруктуу жашаган, өзүнүн Кыр-

гыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоону каалаган

адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө

арыз менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кайрылууга

тийиш.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

- арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин (паспорттун)

түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү;

- кењири өмүр баяны;

- ак фондогу 4x6 өлчөмүндөгү эки фотосүрөтү; Кыргыз Республикасы-

нын аймагында үзгүлтүксүз туруктуу жашагандыгын ырастаган документ

(каттоо жөнүндө белгиси бар паспорту, каттоо жөнүндө белгиси, жашаган

жеринен маалымкат, аскердик билети, туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү, оку-

ган, иштеген жеринен маалымат).

26. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы текшерилип жат-

кан адамга текшерилип жаткан адамдын жашаган жери боюнча ички иштер ор-

гандарынын аймактык паспорттук бөлүмчөлөрү сурамжылоонун кењири прото-

колун түзөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалымат

системасы боюнча да текшерүү жүргүзүлөт.

27. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер органдарынын паспорт-

тук бөлүмчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы же таан-

дык эместиги жөнүндө корутунду чыгарат, анда арыз ээси жөнүндө негизги

маалыматтар жана адамды Кыргыз Республикасынын жараны деп таануу же

тааныбоонун юридикалык негиздери көрсөтүлүүгө тийиш. Мындай корутунду

ички иштер органынын паспорттук бөлүмчөсүнүн жетекчиси тарабынан ырас-

талат.

Эгерде текшерилип жаткан адамдын балдары бар болсо, анда корутун-

дуда алардын жарандыгы да аныкталууга тийиш.

30-пунктта көрсөтүлгөн адамдар кайрылган учурда Кыргыз Республика-

сынын Ички иштер министрлигинин паспорт жана визалык контроль Департа-

менти тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн учурлар боюнча алардын Кыргыз Рес-

публикасынын жарандыгына таандыктыгы аныкталат жана белгиленген үлгүдө-

гү маалымкат берилет.

28. Ички иштер органдары арыз ээсине анын Кыргыз Республикасынын

жарандыгына таандыктыгын текшерүүнүн натыйжасы жөнүндө маалымдайт.

29. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорт жана

визалык контроль Департаментинин, Бишкек шаарынын ШИИБнын, облустардын

жана Ош шаарынын ИИБнын паспорттук-визалык контроль бөлүмдөрүнүн жана

топторунун алдында жарандык маселелери боюнча жањжалдык комиссиялар тү-

зүлөт (мындан ары - жањжалдык комиссиялар).

Жањжалдык комиссиялар Кыргыз Республикасынын аймаганда туруктуу

жашаган, өзүнүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын анык-

тоону каалаган адамдардын арыздарын кароого жана төмөнкүлөр боюнча ко-

рутунду чыгарууга укуктуу:

- СССРдин жарандыгында турган, колунда 1974-жылкы үлгүдөгү мурдагы

СССРдин паспорту бар жана соњку беш жылда (ички иштер органдарына кай-

рылган учурдан баштап) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жаша-

ган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербе-

ген адамдар;

- 1974-жылкы үлгүдөгү СССРдин паспортторунда Кыргыз Республикасы-

нын аймагында убактылуу каттоого туруу жөнүндө штамп коюлган, Кыргыз

Республикасынын аймагында жеке туракжайынын жоктугуна байланыштуу туу-

гандарында жана тааныштарында убактылуу каттоодо турган, бирок муну ме-

нен бирге соњку беш жылда (ички иштер органдарына кайрылган учурдан

баштап) Кыргыз Республикасынын аймаганда туруктуу жашаган жана башка

мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербеген адамдар;

- ар кандай себептерден улам 1974-жылкы үлгүдөгү мурдагы СССРдин

паспорту жоголгон, бирок алар туруктуу же убактылуу каттоодо турган, иш

жүзүндө республиканын аймагында туруктуу жашаган адамдар;

- ар кандай жагдайлардан улам өз убагында паспорт ала албай калган

(же 1993-жылдын 18-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жө-

нүндө" Мыйзамга туш келбей калган, же ата-энелери жок болгон жана туу-

гандарында же тааныштарында тарбиялангандар), бирок республиканын айма-

ганда туруктуу жашаган адамдар.

Жогоруда аталган жана башка учурларда жањжалдуу комиссияга кайры-

лууда ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык документтердин түп нускасы жана

көчүрмөлөрү тапшырылат.

30. Жањжалдык комиссия Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык-

тыгын аныктоо жөнүндөгү ар кандай арызды кайталап кароого, алар боюнча

ички иштеринин аймактык органдарынын корутундусун чыгарууга, туура эмес

чечим кабыл алынган учурда аны өз корутундусу менен жокко чыгарууга

укуктуу.

III. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу

31. Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкү учурларда токтотулушу

мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун натыйжасында;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуунун натыйжасында.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу

32. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары жаша-

ган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы бул адамдын ык-

тыярдуу эркин билдирүүсүнүн негизинде ишке ашырылат Мыйзамдын

25-статьясында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан

чыгууга жол берилбейт.

33. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Рес-

публикасынын жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органына, ал эми

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашагандар - Кыргыз

Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине

төмөнкү документтерди берет:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин наамына белгиленген форма-

дагы арызды (2-тиркеме);

- арыз берүүчүдө башка жарандыктын болушу же Кыргыз Республикасы-

нын жарандыгынан чыгуу учурунда ага башка жарандыкты берүү мүмкүндүгүн

ырастоо жөнүндө чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын документи;

- туулгандыгы тууралу күбөлүгү;

- нике күбөлүгү, никени бузуу жөнүндөгү, жубайынын каза болгондугу

жөнүндөгү күбөлүк же жубайын өлгөн же дайынсыз жоголгон деп табылганды-

гы жөнүндө соттун чечими - тиешелүү учурларда;

- салыктарды төлөө боюнча карыздары жоктугу жөнүндө Кыргыз Респуб-

ликасынын салык органынын документи (арыз берүүчүнүн Кыргыз Республика-

сынын аймагындагы акыркы жашаган жери боюнча);

- ак фондогу 4x6 өлчөмдөгү 2 түстүү сүрөт;

- мамлекеттик пошлинаны же консулдук жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүн-

дө ырастоо.

34. Эгерде арыз берүүчүнүн жубайы Кыргыз Республикасынын жараны

болсо, ошондой эле анын багуусунда жана Кыргыз Республикасынын жараны

болсо, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан арыз берүүчүнүн чыгышына

алардын мамилеси жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берүүгө тийиш.

35. Эгерде арыз берүүчү ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жа-

рандыгынан жашы жете элек балдарынын чыгышы жөнүндө өтүнүч кат берсе,

анда Мыйзамда каралган жагдайга жараша төмөнкүлөр берилет:

- туулгандыгы тууралу, камкордук же камкорчулук, ата-энелик укук-

тан ажыратуу жөнүндө күбөлүгү;

- эгерде ата-энелеринин же камкорчуларынын бири Кыргыз Республика-

сынын жараны боюнча калса баланын жарандыгын токтотууга же сактап ка-

лууга тараптардын нотариуста же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык

өкүлчүлүгүндө (же консулдук мекемесинде) күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндө-

гү макулдугу;

- жарандыгын өзгөртүүгө 14төн 18ге чейинки балдардын нотариуста же

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (же консулдук меке-

месинде) күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу.

36. Кыргыз Республикасынын эларалык макулдашууларына ылайык Кыргыз

Республикасынын жарандыгынан чыгуунун башка тартиби болушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу

37. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз

Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аскер же чалгындоо кызматына

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын уруксатысыз кириши жө-

нүндө далилдер болгон учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү

дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери алдын ала текшерүү-

дөн кийин иш материалдарын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр-

лигине жиберет, ал Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз

Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын жана Кыргыз Республика-

сынын Ички иштер министрлигинин пикирин эске алуу менен ушул адамдын

Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугун таануу жөнүндө корутун-

ду чыгарат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз

Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аскер же чалгындоо кызматына

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын уруксатысыз кириши жө-

нүндө маалыматтар болгон учурда ички иштер органдары тиешелүү текшерүү

жүргүзөт жана материалдарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-

лигине жиберет, ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин,

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасы-

нын Улуттук коопсуздук органдарынын пикирин эске алуу менен ушул адам-

дын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугун таануу жөнүндө ко-

рутунду чыгарат.

38. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын орган-

дары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери төмөнкүдөй

зарыл документтерди тариздейт:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон адамды таануу жөнүндө

корутундуну;

- Мыйзамдын 26-статьясында каралган жагдайлардын болушун ырастоочу

документтерди;

- Кыргыз Республикасынын жараны жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү ме-

нен сурамжылоонун протоколун;

- үйбүлөсүнүн курамын жана жашоо убактысын көрсөтүү менен жашаган

жеринен маалымкатты;

- кызмат ордун жана иштөө убактысын көрсөтүү менен иштеген жеринен

маалымкатты;

- ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсүн;

- ишке тиешеси бар башка документтерин.

39. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон адамды таануу жө-

нүндө жүйөлүү корутундуда Кыргыз Республикасынын жараны жөнүндө негизги

маалыматтар, үйбүлөсүнүн курамы, чет мамлекеттин аскердик же чалгындоо

кызматына өтүү себептери жана жагдайлары, Кыргыз Республикасынын Ички

иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин

ушул маселе боюнча пикирлери жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жо-

готуунун юридикалык негиздери көрсөтүлөт.

Корутундуда ошондой эле Мыйзамда каралган учурларда жашы жете элек

балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугу көрсөтүлөт.

40. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдын Кыргыз

Республикасынын жарандыгын жоготту деп таануу жөнүндөгү корутундуга

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри же анын орунбасары кол ко-

ет.

41. Республиканын аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын

жарандыгын жоготту деп таануу жөнүндө корутундуга Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министри же анын орунбасары кол коет.

42. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу көрсөтүлгөн фактылар

болгон убактан баштап саналат.

Билип туруп жалган маалыматтар же жасалма документтер берилгендин

натыйжасында алынган Кыргыз Республикасынын жарандыгы ал кабыл алынган

учурдан тартып жарактуу эмес деп таанылат.

43. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготту деп таанылган адам-

дарга Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары же дипломатиялык

өкүлчүлүктөрү (консулдук мекемелери) тарабынан белгиленген формадагы

Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугу жөнүндө маалымкат бери-

лет (4-тиркеме).

44. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугун каттаган ор-

гандар бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон адам тур-

ган өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарына маалымдайт.

45. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, дипломатиялык

өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жаранды-

гын жоготкон адамдардан Кыргыз Республикасынын паспортун алып коюшат

жана ал адамдарды жарандыгы жок адамдар катары каттоого коюшат же кон-

сулдук каттоодон алып салышат.

Алып коюлган паспорттор 2006-жылдын 10-ноябрындагы N 787 үлгүдөгү

"Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жөнүндө" Жо-

бого ылайык жок кылынат, паспортту жок кылуу актысынын көчүрмөсү Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык конт-

ролдоо департаментине же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-

нин Консулдук кызмат департаментине берилет.

IV. Ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери жана функциялары

46. Кыргыз Республикасынын Президенти Мыйзамга ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жана

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу маселелери боюнча чечимдерди

кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жарандыгы

жана арыздарды алдын ала кароо маселелери боюнча өз ыйгарым укуктарын

ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жа-

рандык маселелер боюнча Комиссияны түзөт (мындан ары - Комиссия).

47. Комиссия:

- материалдарды алдын ала карайт жана Кыргыз Республикасынын жа-

рандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жана Кыргыз Респуб-

ликасынын жарандыгынан чыгуу маселелери боюнча жыйынтык чыгарат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна Кыргыз Республи-

касынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгын калыбына келтирүү жана андан

чыгуу жөнүндө ар бир арыз боюнча сунуштарды киргизет.

48. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жыйналышка

катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.

49. Комиссия берилген документтерди арыз берүүчүгө же ыйгарым

укуктуу органдарга кайтарып бербейт. Өзгөчө учурларда, кошумча матери-

алдарды бербестен арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча чечим кабыл алуу мүм-

күн болбогон учурларда, Комиссия белгиленген мөөнөттө зарыл болгон маа-

лыматтарды талап кыла алат жана алардын тийиштүү мамлекеттик органдарда

жана коомдук уюмдарда документтик ырасталышын талап кыла алат. Эгерде

жарандык маселелер боюнча материалдар мамлекеттер аралык макулдашууга

ылайык берилсе, анда Комиссиянын тийиштүү мамлекеттер аралык макулдашуу

менен каралбаган башка документтерди берүүнү талап кылууга укугу жок.

50. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары:

- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан Кыргыз Рес-

публикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арыздарды кабыл алат, мын-

дай арыздарды негиздөөдө берилген фактыларды жана документтерди текше-

рет;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан

чыгуу жөнүндө арыздар боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин кароосуна жөнөтөт;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын

Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга жа-

рандык маселелер боюнча материалдарды даярдайт;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар Кыргыз

Республикасынын жарандыгын жоготкондугун каттайт;

- Мыйзамдын 24-статьясынын 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурлар-

да жарандыктан чыгууга материалдарды тариздейт;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү маселелери

боюнча материалдарды кабыл алат;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл

алынган адамдарды каттоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдарга Кыргыз Рес-

публикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-

зиденти кабыл алган чечимдерди аткарат;

- Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке

ашырат.

51. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Респуб-

ликасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган адамдар-

дан Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арыздарды ка-

был алат жана тийиштүү документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын

Президентинин кароосуна жөнөтөт;

- чет мамлекетте туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасы-

нын жарандыгына таандыктыгын аныктайт;

- чет мамлекетте туруктуу жашаган адамдар Кыргыз Республикасынын

жарандыгын жоготкондугун каттайт;

- ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган учурларда жа-

рандыктан чыгууну тариздейт;

- чет мамлекетте туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранда-

рын консулдук каттоону жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдарга Кыргыз

Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын

Президенти кабыл алган чечимдерди аткарат;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл

алынган адамдарды каттоо жүргүзөт;

Тигил же бул өлкөдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчү-

лүктөрү же консулдук мекемелери жок болгон учурда бул органдардын функ-

цияларын белгиленген мыйзамдык тартипте күчүнө кирген мамлекеттер ара-

лык макулдашуулардын негизинде башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүл-

чүлүктөрү же консулдук мекемелери аткарат.

V. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча

чечимдер жана аларды аткаруу

52. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз

Республикасынын Президенти жарлыктарды чыгарат.

53. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз

Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга тиешелүү чечимдер-

ди аткаруу - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, ал эми Кыр-

гыз Республикасынын чегинен тышкары жакта туруктуу жашаган адамдарга

тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-

гине, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консул-

дук мекемелерине жүктөлөт.

54. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспорттук

жана визалык контроль департаменти жана Кыргыз Республикасынын Тышкы

иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын алгандан кийин андан

ары аткаруу үчүн алар жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрүн берген органдарга

эки жумалык мөөнөттө билдирет. Билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин тиешелүү жарлыгынын көчүрмөсү тиркелет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, дипломатиялык өкүлчү-

лүктөрү жана консулдук мекемелери арыз ээлеринин өтүнүчтөрү боюнча ка-

был алынган чечим жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып эки жумалык

мөөнөттө бул жөнүндө арыз ээлерине маалымдайт.

55. Эгерде жарандыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин

чечими бар болгон адам жашаган жерин которгон болсо, Кыргыз Республика-

сынын ички иштер органдары же дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (консулдук

мекемелери) кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүнү тезарада арыз ээси-

нин жањы жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органда-

рына же дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө (консулдук мекемелерине) жөнөтөт

жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине же

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымдайт.

56. Өзүнө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү жөнүндө

чечим кабыл алынган жана 16 жаш куракка толгон арыз ээсине Кыргыз Рес-

публикасынын жаранынын улуттук паспорту толтурулат жана берилет.

16 жашка толо элек балдардын документтеринде алардын Кыргыз Рес-

публикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жазуу жазылат.

57. Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (КЭР, Казакс-

тан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы)

жарандарынын паспорттору жарандыктан чыгуу жөнүндө арыз менен бирдикте

тиешелүү мамлекеттин консулдук мекемесине жөнөтүлөт.

58. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө чечим чы-

гарылган учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары же диплома-

тиялык өкүлчүлүктөрү (консулдук мекемелери) адамдан Кыргыз Республика-

сынын жаранынын паспортун алып коет. Ушул эле органдар Кыргыз Республи-

касынын жарандыгын токтотуу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү маалымкатты (N

4 тиркеме) берет.

Кыргыз Республикасында жашаган жана Кыргыз Республикасынын жараны

болуп саналбаган адамдарга Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары

белгиленген тартипте чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үчүн жа-

шоого документти берет.

59. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз

Республикасынын Президентинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө ички иш-

тер органдары квартал сайын - Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист-

рлигине, ал эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана

консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине

маалымдайт.

60. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча Кыргыз

Республикасынын Президентинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат-

тарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Тышкы иштер министрлиги квартал сайын Комиссияга жөнөтөт.

61. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечим-

дердин аткарылышына контролдукту Комиссия жүзөгө ашырат.

62. Жарандык маселелери боюнча материалдар жана алар боюнча Кыргыз

Республикасынын Президентинин жарлыктары өзүнчө номенклатуралык иштерге

кошулат жана туруктуу сакталат.

VI. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери

боюнча чечимдерди алып салуу

63. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечим

арыз ээси жалган документтерди пайдаланганынын же алар жооптуу чечим

кабыл алууга негиз болгон жалган маалыматтарды билип туруп билдиргени-

нин фактысы сот тартибинде белгиленген учурда алып салынат.

64. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимди

алып салуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жүзөгө

ашырылат.

65. Адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын билип туруп жалган маа-

лыматтардын жана жалган документтердин негизинде алгандыгынын соттук

чечим менен ырасталган фактысы белгиленген учурда Кыргыз Республикасы-

нын ички иштер органдары же дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (консулдук ме-

кемелери) корутунду чыгарат жана аны колдо болгон бардык материалдар

менен бирге тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-

гине же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтөт.

66. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же Кыргыз Рес-

публикасынын Тышкы иштер министрлиги сунуш кылынган материалдардын не-

гизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча чечимди

алып салуу жөнүндө өзүнүн корутундусун түзөт. Корутундуда ыйгарым укук-

туу орган арыз ээсине карата Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл

алуу же Кыргыз Республикасынын жарандыганан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл

алуунун негиздери, Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу же ток-

тотуу максатында арыз ээси.

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине

АНКЕТА-АРЫЗ

Мени жалпы, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жаран-

дыгына кабыл алууну же Кыргыз Республикасынын жарандыгына калыбына кел-

тирүүнү өтүнөм (керексизи чийип салынат), өзүм жөнүндө төмөнкүдөй маа-

лыматтарды билдирем:

1. Фамилиясы, аты-жөнү (өзгөргөн учурда мурдагылары, өзгөрүү себе-

би жана датасы көрсөтүлөт) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. Туулган датасы жана орду (мамлекет, облус, калктуу конуш)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Арыз ээси кайсы өлкөдөн келсе, ал жердеги жашаган жеринин даре-

ги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. Улуту \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

5. Үйбүлөлүк абалы (жубайынын ф.а.ж. көрсөтүү менен) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

6. Аскердик милдетке тиешеси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(наамы, а\\и, кызмат кылган жери жана мезгили)

7. Билими (башталгыч, орто, атайын орто, жогорку)\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(окуунун аталышы, мезгили)

8. Ким экендигин тастыктаган документтер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(документтин түрү, номери,

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

ким тарабынан жана качан берилген)

9. Соњку 10 жылдагы эмгек иши:

| Датасы (ай жана жыл) | Иштеген жери, кызмат | Иштеген жеринин дареги |
| --- | --- | --- |
|  | орду |  |
|  |  |  |

10. Кыргыз Республикасындагы жашаган жеринин дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

11. Жашоо үчүн каражаттардын булагы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, салык органынын белгиси

менен жеке жактардын кирешелерине салыктар боюнча декларация, иштеген

жеринен маалымкат, эмгек китепчеси, пенсиялык күбөлүк, жөлөкпул алуу

жөнүндө социалдык жактан коргоо органынын маалымкаты, алимент алганды-

гын ырастоо, эсептин номерин көрсөтүү менен кредиттик мекемедеги салым

бар экени жөнүндө маалымкат, мураска укук жөнүндө күбөлүк, арыз ээси

багуусунда турган адамдын кирешелери жөнүндө маалымкат, же мыйзамда ты-

юу салынбаган иштен киреше алууну ырастаган башка документ)

12. Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жакын туугандарыњыз барбы

(Кыргыз Республикасында жашап жаткандардын ф.а.ж., туулган жылы, жаша-

ган жеринин дареги көрсөтүлөт) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

13. Сизди Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга түрткөн

себептерди көрсөтүњүз \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Мени менен бир эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгына жашы

жете элек балдарымды кабыл алышыњызды өтүнөм (ф.а.ж., туулган датасы

жана жери көрсөтүлөт) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Арыз менен бирге төмөнкүдөй документтери сунуш

кылам\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Мени Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алган учурда Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциясына ылайык өзүмдүн жарандык парзымды аткарууга милдеттенем.

Сунуш кылынган документтердин аныктыгын жана баяндалган маалымат-

тардын ишенимдүүлүгүн ырастайм

2О0\_\_-жылдын "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_ Арыз ээсинин жеке колтамгасы \_\_\_\_\_\_\_

Арыз "Кыргыз Республикасынын жарандыга жөнүндө" Мыйзамдын

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизинде \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ карап чыгууга

(статья, бөлүк, пункт) (датасы)

кабыл алынды.

2О0\_\_\_\_-жылдын "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Колтамга\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, ф.а.ж.)

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине

АНКЕТА-АРЫЗ

Мага жалпы (жөнөкөйлөтүлгөн) тартипте Кыргыз Республикасынын жа-

рандыгынан чыгууга уруксат берүүнү өтүнөм (керексизи чийип салынат).

Арыз ээси жөнүндө маалыматтар

1. Фамилиясы, аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөн учурда

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

мурдагы фамилиясы, аты-жөнү, өзгөрүү себеби жана датасы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

көрсөтүлөт)

2. Туулган датасы жана орду (мамлекет, облус, калктуу конуш)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Жынысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(эркек, аял)

4. Улуту \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

5. Үйбүлөлүк абалы (жубайынын ф.а.ж. көрсөтүү менен)

6. Аскердик милдетке тиешеси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7. Билими (башталгыч, орто, атайын орто, жогорку) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(окуунун аталышы, мезгили)

8. Ким экендигин тастыктаган документтер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(документтин түрү, номери,

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

ким тарабынан жана качан берилген)

9. Арыз менен кайрылган датага чейинки соњку беш жылдагы эмгек

иши:

| Датасы (ай жана жыл) | Иштеген жери, кызмат | Иштеген жеринин дареги |
| --- | --- | --- |
|  | орду |  |
|  |  |  |

10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктарды

төлөө боюнча аткарылбаган милдеттенмелер барбы (сунуш кылынган доку-

ментке ылайык) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(ооба, жок)

11. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жазык

иши боюнча айыпталуучу катары тартылган жок белењиз \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(ооба, жок)

12. Сизде жана арызда көрсөтүлгөн Сиздин балдарыњызда башка жаран-

дык же аны (аларды) алуу мүмкүнчүлүгү барбы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(эгерде бар болсо, кандайын,

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

качан жана кандай негизде алганы, документ, анын номери, берилген

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

датасы жана орду; башка жарандык жок болгон учурда - ага ээ болуу

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

мүмкүнчүлүгүн ырастоо көрсөтүлөт)

13. Кыргыз Республикасында жашаган жеринин дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

14. Ким экендигин жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыкта-

ган документ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген)

Арыз менен бирге төмөнкүдөй документтерди сунуш кылам \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Сунуш кылынган документтердин аныктыгын жана баяндалган маалымат-

тардын ишенимдүүлүгүн ырастайм

200\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_ Арыз ээсинин жеке колтамгасы \_\_\_\_\_\_\_

Арыз "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизинде \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ карап

(статья, бөлүк, пункт) (датасы)

чыгууга кабыл алынды.

200\_\_-жылдын "\_\_\_\_"\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Колтамга \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, ф.а.ж.)

3-тиркеме

МААЛЫМКАТ

Берилди \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_,

анткени Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө анын

арызы (арызды кабыл алган орган көрсөтүлөт) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тарабынан карап чыгууга кабыл алынды.

Арызды жана көрсөтүлгөн документтерди, аларды толтуруунун тууралы-

гын (документтерди кабыл алган кызматкердин кызмат орду, ф.а.ж.)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ текшерди

2О0\_\_-жылдын "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колтамга \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4-тиркеме

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Республиканын паспорттук-визалык бөлүмдөрүнүн аталышы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

МААЛЫМКАТ

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө

Муну менен \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу орган, чечим кабыл

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

алынган дата көрсөтүлөт)

чечимине ылайык

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы жана орду)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тартып Кыргыз Республикасынын жараны

(чечим кабыл алынган дата)

болуп саналбайт.

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинин

паспорттук жана визалык контроль

департаментинин начальниги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(фамилиясы, колтамгасы)

5-тиркеме

"Бекитемин"

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинин

паспорттук жана визалык контроль

департаментинин начальниги

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

200\_\_\_\_-жылдын "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жалпы (жөнөкөйлөтүлгөн) тартипте (керексизи чийип салынат) Кыргыз

Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жаран \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ өтүнүчү боюнча

КОРУТУНДУ

Мен, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(Ф.А.Ж. жана ээлеген кызматы)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ туулган

улуту боюнча жаран\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ улам

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу

жөнүндө өтүнүчүн карап чыгып

Төмөнкүлөрдү белгиледи:

19\_\_-жылы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ келген

(туруктуу жашаган өлкөсү)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(фамилиясы, аты-жөнү)

азыркы учурда арыз ээси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жашайт

жана \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жараны болуп саналат.

Кыргыз Республикасында жашаган жакын туугандары бар (жок)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ менен никеде турат.

Ошол эле учурда \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жашы жете элек балдары

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл

алууга уруксат берүүнү өтүнөт.

Бул өтүнүч боюнча Кыргыз Республикасынын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(шаарынын, районунун) ички иштер органынын каршылыгы жок.

Баяндалгандарды эске алып,

жалпы (жөнөкөйлөтүлгөн) тартипте (керексизи чийип салынат) Кыргыз

Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жаран \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (арыз ээсинин фамилиясы,

аты-жөнү) өтүнүчүн канааттандырууга болот деп ойлойм.

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинин

паспорттук жана визалык контроль

департаментинин бөлүмүнүн инспектору

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
