# КР Президентинин 1995-жылдын 25-январындагы ПУ № 30 "Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1995-жылдын 25-январындагы ПУ № 30 "Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 25.01.1995
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/46731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-3042/edition/447753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/46731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1995-жылдын 25-январындагы ПУ № 30 "Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы (07.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/46731

---

КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1995-жылдын 25-январы ПУ № 30 Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун иши үчүн мыйзам негиздерин, зарыл укуктук шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-статьясынын 5-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары:

- Кыргыз Республикасынын аксакалдар соттору жөнүндө Убактылуу жобону түшүндүрүү боюнча жер-жерлерде аксакалдар сотторунун кеңешмелерин өткөрсүн;

- алардын ишин уюштурууда жана алардын ишмердигин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда аксакалдар сотторуна таасирдүү жардам көрсөтсүн.

3. Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
