# КР Президентинин 1995-жылдын 18-январы ПУ № 22 "Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1995-жылдын 18-январы ПУ № 22 "Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 18.01.1995
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/46723>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-3035/edition/448197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/46723.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1995-жылдын 18-январы ПУ № 22 "Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы (14.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/46723

---

КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1995-жылдын 18-январы ПУ № 22 Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруусунда алардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун сактоону камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүү жана колдонуу укугун берүүчү 9-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун таргиби жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- бул Указды аткаруу, анын ичинде финансы жана материалдык жактан камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын;

- атайын коргонуу каражаттарынын, транспортту токтотуу үчүн атайын каражаттардын жана ок атуучу куралдардын тизмесин, ошондой эле аларды колдонуу эрежелерин иштеп чыксын жана бекитсин;

- бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун таргибин жөнгө салуучу мыйзам актыларын долбоорлорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Бул Указ жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
