Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ № 22 «Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 14 июня 2013 года УП № 140 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-14.
КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1995-жылдын 18-январы ПУ № 22 Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруусунда алардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун сактоону камсыз кылуу зарылчылыгын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин бажы органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүү жана колдонуу укугун берүүчү 9-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун таргиби жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бул Указды аткаруу, анын ичинде финансы жана материалдык жактан камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын;
- атайын коргонуу каражаттарынын, транспортту токтотуу үчүн атайын каражаттардын жана ок атуучу куралдардын тизмесин, ошондой эле аларды колдонуу эрежелерин иштеп чыксын жана бекитсин;
- бажы органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды алып жүрүүсүнүн жана колдонуусунун таргибин жөнгө салуучу мыйзам актыларын долбоорлорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Бул Указ жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 14.06.2013 · № 140
- Постановление Правительства КР от 22 мая 1995 года №180 "Об утверждении Перечня видов огнестрельного оружия, боеприпасов, специальных средств защиты, специальных средств для…Постановление · 22.05.1995 · № 180 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке ношения и применения должностными лицами таможенных органов специальных средств и огнестрельного оружия (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от…Положение · 18.01.1995 · № 22 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 14.06.2013 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Таможенный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 30.07.1997 · № 61 · Күчүн жоготкон