# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 465 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 465 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 465
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2252/edition/1162864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 465 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4670

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 465

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө

Бул Жарлыктын аткарылышын КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-ноябрындагы № 532 токтомун карањыз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши мөөнөтүнөн мурда таркатыл- гандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын он экинчи шайланган Жогорку Кењешинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы- нын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 6-пунктунун 3-пунктчасына, 63-статьясынын 5-пунктуна ылайык, ошондой эле 2007-жылы 21-октябрда Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыгын эске алуу менен токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жањы чакырылыштагы Жогорку Кењешинин де-

путаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2007-жылдын 16-декабрына дайындалсын

2. Кыргыз Республикасынын жањы чакырылыштагы Жогорку Кењешинин де-

путаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2007-жылдын 21-октябрындагы референ- думда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясына жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жањы редакциясына ылайык алар күчүнө киргенден кийин жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын жањы чакырылыштагы Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул Жарлыктын 1 жана 2-пункттарына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын:

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясына чыгымдардын сметасына ылайык шайлоо өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын бөлсүн;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту, жарандар-

дын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо

жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдары- нын сакталышын камсыз кылсын.

6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жетекчи- лери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери шайлоо мыйзамдары менен белги- ленген мөөнөттө шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү, тактоону жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнү камсыз кылсын жана шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
