# 6-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 6-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-6

---

камсыз кылуу жагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын ыйгарым укуктары

Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-

гындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары-

на:

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-

да мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоонун ре-

гиондук максаттуу программаларын, бул тармактагы илимий жана или-

мий-техникалык программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу;

- тийиштүү аймактагы санитардык эпидемиологиялык кырдаалга конт-

ролдук жүргүзүү;

- тийиштүү аймакта санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык)

иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу;

- тийиштүү аймакта чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү жа-

на алып салуу;

- санитардык мыйзамдарды сактоодо жарандардын, жеке жана юридика-

лык жактардын экономикалык кызыкчылыктарын түзүү боюнча чараларды иштеп

чыгуу жана ишке ашыруу;

- тийиштүү аймакта социалдык-гигиеналык мониторингди өткөрүү;

- калкка гигиеналык тарбия берүү жана окутуу, сергек жашоону про-

пагандалоо боюнча чараларды ишке ашыруу;

- жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануу-

лар), жашоо чөйрөсүнүн абалы жана жүргүзүлүп жаткан санитардык-эпидеми-

яга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында ка-

барлоо боюнча чараларды ишке ашыруу;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-

да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына кирбеген башка

маселелерди чечүү кирет.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-7)
