Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
камсыздоо жагындагы мамлекеттин ыйгарым укуктары
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагында-
гы мамлекеттин ыйгарым укуктарына:
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-
гындагы мамлекеттин саясатынын негизги багыттарын аныктоо;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-
дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укук акты-
ларын кабыл алуу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо үчүн
мамлекеттик максаттуу, илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп
чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жагын-
дагы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
кызматын уюштуруу жана аны башкаруу;
- адамдын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу эпидемияларды,
кыйроолордун, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, алааматтардын
кесепеттерин жоюу үчүн материалдык жана башка резервдерди түзүү;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-
гында мамлекеттик эсептин жана отчеттуулуктун бирдиктүү тутумун бел-
гилөө;
- адам үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон химиялык, биологиялык
заттарды жана продукциянын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды,
өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын, ошондой эле Кыргыз Республика-
сынын аймагына алып келүү биринчи жолу жүзөгө ашырылып жаткан продукци-
ялардын айрым түрлөрүнө мамлекеттик каттоону жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык жактан коргоону камсыз
кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чектөөчү иш-чараларды (каран-
тинди) киргизүү жана алып салуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү
пункттарында санитардык-карантиндик контролду киргизүү жана алып салуу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-
гындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жа-
гындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы жана эл аралык
келишимдерди түзүү кирет.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-5" title="5-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>