# 49-статья. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 49-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-49

---

жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын милдеттери

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу

кызмат адамдары:

- санитардык мыйзамдарды бузуулардын алдын алууга, аларды табууга

жана аларга бөгөт коюуга, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилди-

гин камсыздоого багытталган ыйгарым укуктарды өз убагында жана толук

өлчөмдө аткарууга;

- жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уу-

лануулардын) пайда болушунун жана таралышынын себептерин айкындоого жа-

на шарттарын табууга;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигинин маселелери бо-

юнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого жана

тийиштүү чаралар көрүүгө;

- санитардык-эпидемиологиялык жагдай жөнүндө жана калктын санитар-

дык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасы-

нын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен

мекемелери көрүп жаткан иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына жана

калкка кабарлоого;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча

өз ишин мамлекеттик аткаруу бийлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу-

нун органдары жана коомдук бирикмелер менен эриш-аркак жүзөгө ашырууга;

- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда өздөрүнө белгилүү бо-

луп калган маалыматтар жагында мамлекеттик, врачтык жана мыйзам тарабы-

нан корголгон башка жашыруун сырды сактоого;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо масе-

лелеринде жана санитардык мыйзамдарды аткарууда коомдук бирикмелерге

көмөк көрсөтүүгө милдеттүү болушат.

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-50)
