48-статья. Башкы мамлекеттик санитардык врачтардын жана алардын
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
орун басарларынын ыйгарым укуктары
Башкы мамлекеттик санитардык врачтарга жана алардын орун басарла-
рына ушул Мыйзамдын 47-статьясында каралган укуктар менен катар
төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
- санитардык мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды жана иш-
терди кароого;
- санитардык мыйзамдар бузулган учурда сотко жана арбитраждык сот-
ко дооматтарды коюга;
- жарандарга, жеке жана юридикалык жактарга ушул Мыйзамдын
38-статьясында каралган санитардык-эпидемиологиялык корутундулар жана
көрсөтмөлөрдө белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышы милдеттүү болгон
көрсөтмөлөр берүүгө;
- санитардык мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды жана иш-
терди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидеми-
ологиялык кызматынын органдарына жана мекемелерине жеке жана юридикалык
жактарды чакырууга;
- укук бузуулар жоюлганга чейин уюмдардын, мекемелердин, ишкана-
лардын ишин токтото туруу жөнүндө же укук бузууларды жоюуга мүмкүн бол-
богон учурда ишке тыюу салуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарууга;
- жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана таралышынын коркунучу
туулганда негиздүү токтомдорду чыгарууга:
айлана тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулар ме-
нен ооруган оорулууларды жана мындай оорудан шектүүлөрдү изилдөө же
изоляциялоо үчүн госпиталдаштыруу жөнүндө;
айлана тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулуулар
менен байланышта болгон жарандарды милдеттүү медициналык кароодон
өткөрүү, госпиталдаштыруу же изоляциялоо жөнүндө;
жугуштуу ооруларды козгоочулар болуп саналган жана аткарган иште-
ринин же өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жугуштуу ооруларды та-
ратуунун булактары болушу мүмкүн болгон адамдарды иштен убактылуу чет-
тетүү жөнүндө;
эпидемиялык белгилери боюнча жарандарды же жарандардын айрым топ-
торун профилактикалык эмдөөдөн өткөрүү жөнүндө;
уюмдарда жана объекттерде чектөөчү иш-чараларды (карантинди) кир-
гизүү (жокко чыгаруу) жөнүндө;
- санитардык мыйзамдарды бузгандык үчүн жүйөлөштүрүлгөн токтомдор-
ду чыгарууга:
эскертүүлөр жана жазапулдар түрүндө администрациялык жаза-чарала-
рын көрүү жөнүндө;
жазык иштерин козгоо жөнүндөгү маселелерди чечүү үчүн санитардык
мыйзамдарды бузгандык жөнүндө укук коргоо органдарына материалдарды
жөнөтүү жөнүндө.
Башкы мамлекеттик санитардык врачтар жана алардын орун басарлары:
- социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын, калктын санитар-
дык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо, калктын саламаттыгын сакто-
онун жана чыњдоонун максаттуу жана регионалдык программаларынын долбо-
орлоруна тийиштүү маселелер боюнча;
- юридикалык жана жеке жактар санитардык эрежелерди бузган учур-
ларда алардын эсеп-кысаптык жана башка эсептери боюнча операцияларды
токтото туруу маселелери боюнча;
- продукциялардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санитар-
дык эрежелерге ылайык эместиги айкындалган учурларда мындай продукция-
лардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ылайыктуулук сертификат-
тарынын колдонулушун токтото туруу жана (же) алып коюу маселелери боюн-
ча;
- иштин мындай түрлөрүн жүзөгө ашырууда санитардык эрежелерди бу-
зуу айкындалган учурларда иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялардын
колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү же көрсөтүлгөн лицензияларды алып
коюу жөнүндөгү маселелер боюнча;
- санитардык эрежелерди бузууга жол берген кызматкерлерге карата
тартиптик жаза-чараларын колдонуу жөнүндөгү маселелер боюнча;
- санитардык мыйзамдарды бузууга жол берүүдөн улам жаранга келти-
рилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле санитардык мыйзамдарды
көрсөтүлгөн бузууга байланышкан жугуштуу ооруларды жана жугуштуу эмес
массалык ооруларды (ууланууларды) жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы-
нын органдары жана мекемелери кошумча тарткан чыгымдардын ордун толту-
руу маселелери боюнча мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарына, жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга, мекемелерге сунуш-
тар киргизүүгө укуктуу болушат.
Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачына ушул
Мыйзамдын 47-статьясында каралган укуктар жана ыйгарым укуктар менен
катар:
- мамлекеттик аткаруу бийлик органдары бекитүүчү долбоорлоо ченем-
деринин долбоорлорунун, мамлекеттик стандарттардын долбоорлорунун, ку-
рулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ветеринардык жана фитосанитардык
эрежелердин долбоорлорунун, эмгекти коргоо эрежелеринин, айлана-чөйрөнү
коргоонун эрежелеринин долбоорлорунун, билим берүүчү стандарттардын
долбоорлорунун, башка ченемдик актылардын долбоорлорунун жана калктын
санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоонун мамлекеттик мак-
саттуу программаларынын (мындан ары - документтер) санитардык эрежелер-
ге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулар
берүүгө;
- санитардык эрежелерди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сани-
тардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин ишин
жөнгө салуучу ченемдик жана башка документтерди, ошондой эле ушул Мый-
замдын 38-статьясында каралган усулдарды бекитүүгө;
- мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына, алар бекиткен документ-
терди санитардык мыйзамдарга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды кир-
гизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын аймагында
чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү (жокко чыгаруу) жөнүндө су-
нуштар киргизүүгө кошумча ыйгарым укуктар берилет.
Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка ми-
нистрликтердин жана ведомстволордун башкы мамлекеттик санитардык врач-
тарына:
- санитардык эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды
мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым
укук берилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын бекитүүсүнө
киргизүүгө;
- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу-
га ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруу бийлик органы менен макул-
даштыкта караштуу объекттерде мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салуучу нускамаларды жана
башка документтерди бекитүүгө кошумча ыйгарым укуктар берилет.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-48" title="48-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>