# 46-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 46-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-46

---

санитардык-эпидемиологиялык кызматынын мамлекеттик

санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга

ыйгарым укук берилген кызмат адамдары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык

кызматынын, ушул Мыйзамга ылайык бул кызматтын органдары менен мекеме-

леринин атынан мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө

ашырууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдары (мындан ары - мамлекет-

тик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адам-

дары) болуп:

- башкы мамлекеттик санитардык врачтар жана алардын орун басарла-

ры;

- курамдык бөлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары;

- көрсөтүлгөн кызматтын органдары менен мекемелеринин адистери са-

налышат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга

ыйгарым укук берилген адистердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

бекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык

кызматы жөнүндө жободо белгиленет.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу

кызмат адамдарына, алар кабыл алган чечимдерге кандайдыр бир түрдө таа-

сир берүү же алардын ишине кандайдыр бир түрдө тоскоолдук келтирүү мак-

сатында таасир берүүгө жол берилбейт жана ал Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу

кызмат адамдары белгиленген үлгүдөгү кийим кийип жүрүүгө укуктуу болу-

шат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин өзгөчө кор-

гоосунда турушат.

Кыргыз Республикасынын "профилактикалык, санитардык-гигиеналык иш"

адистиги боюнча жогорку медициналык билим алган жарандары башкы мамле-

кеттик санитардык врачтардын жана алардын орун басарларынын кызматтарын

ээлөөгө укуктуу болушат.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-47)
