# 43-статья. Мамлекеттик санитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 43-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-43

---

адамдарды кызматка дайындоо

Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы Кыргыз

Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп сана-

лат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин сунушу

боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка да-

йындалат жана кызматынан бошотулат.

Областтардын, райондордун жана шаарлардын башкы мамлекеттик сани-

тардык врачтары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары

менен макулдаштыкта Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык

врачы тарабынан кызматка дайындалып, кийин Кыргыз Республикасынын Сала-

маттык сактоо министрлигинин коллегиясында бекитилишет. Коргоо минист-

рлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка министрликтер менен ве-

домстволордун санэпидстанцияларынын башкы врачтарын дайындоо бул ми-

нистрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери тарабынан жүзөгө ашыры-

лат жана Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы ме-

нен макулдашылат.

Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачынын орун

басары, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Департаментинин

башкы директору Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык

врачынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо минист-

ри тарабынан кызматка дайындалат.

Областтык, шаардык жана райондук Башкы мамлекеттик санитардык

врачтардын орун басарлары Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик са-

нитардык врачы менен макулдаштыкта тийиштүү башкы мамлекеттик санитар-

дык врачтар тарабынан кызматка дайындалышат.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-44)
