42-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
санитардык-эпидемиологиялык кызмат тутумун уюштуруунун
жана анын ишинин негизги принциптери
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
кызматы - Кыргыз Республикасында мамлекеттик санитардык-эпидемиология-
лык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдар менен мекемелердин бирдиктүү
борборлошкон тутуму.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
кызматынын тутуму:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруу
бийлик органын;
- областтарда, шаарларда, райондордо, ошондой эле Коргоо минист-
рлигинде, Ички иштер министрлигинде, жана башка министрликтерде жана
ведомстволордо мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө
ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдарын жана
мекемелерин;
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдү камсыз кылуу максатында өз ишин жүзөгө ашырышкан мамлекеттик
илимий-изилдөө жана башка мекемелерди камтыйт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
кызматы тутумунун ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын башкы мамле-
кеттик санитардык врачы, анын орун басары, ошондой эле областтардын,
шаарлардын, райондордун, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлиги-
нин жана башка министрликтер менен ведомстволордун башкы мамлекеттик
санитардык врачтары жүзөгө ашырышат.
Башкы мамлекеттик санитардык-врачтар мамлекеттик санитардык-эпиде-
миологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекет-
тик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын тийиштүү органдары менен ме-
кемелеринин жетекчилери болуп саналышат, төмөнкү тургандардын жогорку-
ларга жана Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачына
баш ийүүсүнүн негизинде иштешет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
кызматынын курамы, анын милдеттери, функциялары жана анын ишин жүзөгө
ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Респуб-
ликасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы жөнүндөгү жо-
бо менен белгиленет.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-42" title="42-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>