# 38-статья. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, тергөөлөр,

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 38-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-38

---

иликтөөлөр, изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн

токсикологиялык, гигиеналык жана башка түрлөрү

Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, тергөөлөр, иликтөөлөр,

изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн токсикологиялык, гигиеналык жана

башка түрлөрү:

- жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирлерин айкын-

доо жана болтурбоо;

- жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уу-

лануулардын) пайда болушунун жана таралышынын себептерин айкындоо;

- долбоорлук документтердин, чарбалык жана башка иштин объекттери-

нин, продукциялардын, жумуштардын кызмат көрсөтүүлөрдүн санитардык эре-

желерге ылайыктуулугун (ылайыктуу эместигин) айкындоо;

- ушул Мыйзамдын 9, 10, 12-25, 36 жана 37-статьяларында каралган

долбоорлук документтердин, чарбалык жана башка иштин объекттеринин,

продукциялардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн санитардык эреже-

лерге ылайыктуулугун (ылайыктуу эместигин) айкындоо максатында бекитил-

ген методдорду, ченөөлөрдү аткаруунун методикаларын жана ченөөчү кара-

жаттардын түрлөрүн пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары жана мекемелери, бел-

гиленген тартипте аккредитацияланган уюмдар, эксперттер тарабынан

жүргүзүлөт.

Белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган санитардык-эпидемиология-

лык экспертизалардын, тергөөлөрдүн, иликтөөлөрдүн, изилдөөлөрдүн, сыно-

олордун жана баа берүүнүн токсикологиялык, гигиеналык жана башка

түрлөрүнүн натыйжаларынын негизинде мамлекеттик башкы санитардык врач-

тар тарабынан санитардык-эпидемиологиялык корутундулар берилет.

Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, тергөөлөр, иликтөөлөр,

изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн токсикологиялык, гигиеналык жана

башка түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби мамлекеттик санитардык-эпидемиологи-

ялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик атка-

руу бийлик органы тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык

кызматынын органдары жана мекемелери, белгиленген тартипте аккредитаци-

яланган уюмдар жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар,

тергөөлөр, иликтөөлөр, изилдөөлөр, сыноолор жана баа берүүнүн токсико-

логиялык, гигиеналык жана башка түрлөрүн жүргүзгөн эксперттер алардын

сапаты жана объективдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-39)
