# 35-статья. Санитардык эрежелерди иштеп чыгуу, бекитүү жана

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 35-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-35

---

колдонууга киргизүү

Адамдын жашоо чөйрөсүнүн жана турмуш-тиричилигинин шарттарынын

факторлорун санитардык-эпидемиологиялык жактан ченемдөөнүн белгиленген

зарылдыгына байланыштуу санитардык эрежелер санитардык-эпидемиологиялык

көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруу

бийлигинин органы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитар-

дык-эпидемиологиялык кызматынын башка органдары жана мекемелери тарабы-

нан иштелип чыгат.

Санитардык эрежелерди иштеп чыгуу:

- жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калктын саламаттыгына тийгизген

таасирин айкындоо жана баалоо боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүүнү;

- жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калктын саламаттыгына зыяндуу та-

асирин тийгизбөөсүнүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарын аныктоону;

- жашоо чөйрөсүнүн гигиеналык жана башка ченемдиктеринин факторло-

рунун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын чен-өлчөмдөрүн бел-

гилөөнү;

- санитардык-эпидемиологиялык ченемдөө жагындагы эл аралык тажрый-

баны талдоону;

- гигиеналык жана башка ченемдерди кайра караштыруу үчүн негиздер-

ди белгилөөнү;

- санитардык эрежелерди колдонуунун социалдык жана экономикалык

натыйжаларын болжоону;

- санитардык эрежелерди колдонууга киргизүүнүн мөөнөттөрүн жана

шарттарын негиздөөнү караштырууга тийиш.

Санитардык эрежелер мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык

көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруу

бийлигинин органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген

тартипте бекитилет жана колдонууга киргизилет.

Санитардык эрежелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-

ген тартипте катталууга жана расмий жарыяланууга тийиш.

Санитардык эрежелерди сактоо жарандар, жеке жана юридикалык жактар

үчүн милдеттүү болуп саналат.

Мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары тарабынан кабыл алынган, калктын санитардык-эпидемиоло-

гиялык бейпилдигин камсыздоо маселелерине тийиштүү ченемдик укук акты-

лары, көрсөтүлгөн маселелер боюнча юридикалык жактардын чечимдери, мам-

лекеттик стандарттар, курулуш ченемдери жана эрежелери, эмгекти коргоо

эрежелери, ветеринардык жана фитосанитардык эрежелер санитардык эреже-

лерге каршы келбөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-36)
