# 30-статья. Жугуштуу оору менен ооруган оорулууларга карата чаралар

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 30-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-30

---

Жугуштуу оору менен ооруган оорулуулар, мындай оорудан шектүү

адамдар жана жугуштуу оору менен ооругандар менен байланышта болгон

адамдар, ошондой эле жугуштуу ооруларды козгоочу адамдар лабораториялык

изилдөөгө жана медициналык байкоого алынууга же дарыланууга жана эгерде

алар айлана-тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган учурда Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө госпи-

талдаштырууга же өзүнчө кармалууга тийиш.

Жугуштуу ооруларды козгоочуларды таратуучулар болуп саналган адам-

дар, эгер алар өздөрү иштеген өндүрүштүн же алар аткарган иштин

өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жугуштуу ооруларды таратуучулардын булакта-

ры болушу мүмкүн болсо убактылуу жугуштуу ооруларды таратуу коркунучу

менен байланышпаган башка иштерге которулушат. Которууга мүмкүн болбо-

гондо башкы мамлекеттик санитардык врачтардын жана алардын орун басар-

ларынын токтомдорунун негизинде алар социалдык камсыздандыруу боюнча

жөлөкпулдарды төлөп берүү менен иштен убактылуу четтетилишет.

Жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануу-

лардын) бардык окуялары мындай оорулар (уулануулар) айкындалган жердеги

саламаттык сактоо уюмдары тарабынан катталууга, алар боюнча Кыргыз Рес-

публикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын орган-

дары жана мекемелери тарабынан мамлекеттик эсепке алынууга, отчеттуулук

жүргүзүлүүгө тийиш.

Көрсөтүлгөн оорулар (уулануулар) болгон учурларды мамлекеттик

эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле алар боюнча отчеттуулук-

ту жүргүзүүнүн тартиби мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык

көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруу

бийлик органы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-31)
