# 26-статья. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык)

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 26-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-26

---

иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү

Жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уула-

нуулардын) пайда болушун жана таралышын алдын алуу максатында санитар-

дык эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыла-

рында каралган санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чара-

лар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык жактан кор-

гоону жүзөгө ашыруу, чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү,

өндүрүштүк контролду, жугуштуу оорулар менен ооругандарга карата чара-

ларды, медициналык кароолорду жүзөгө ашыруу, профилактикалык эмдөөлөрдү

жүргүзүү, жарандарды гигиеналык жактан тарбиялоо жана окутуу боюнча

иш-чаралар өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш.

Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар калктын

саламаттыгын сактоо жана чыњдоонун, калктын санитардык-эпидемиологиялык

бейпилдигин камсыздоонун иштелип чыгуучу максаттуу мамлекеттик програм-

маларына, ошондой эле бул тармактагы регионалдык максаттуу программа-

ларга киргизилүүгө тийиш.

Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жарандар,

жеке жана юридикалык жактар тарабынан алар жүзөгө ашырган ишке ылайык

милдеттүү тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамдын 47-статьясынын экинчи

бөлүгүндө каралган учурларда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-27)
