# 25-статья. Тарбиялоо жана окутуу шарттарына карата

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 25-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-25

---

санитардык-эпидемиологиялык талаптар

Уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан мектепке чейинки жана

башка билим берүүчү мекемелерде ооруга чалдыгууларды профилактикалоо,

окугандардын жана тарбиялануучулардын саламаттыгын сактоо жана чыњдоо

боюнча иш-чаралар, жүзөгө ашырылууга, алардын тамак-ашын, жашоосун,

окуусун жана тарбия-таалимин уюштурууда санитардык эрежелердин талапта-

ры аткарылууга тийиш.

Тарбиялоонун жана окутуунун программаларын, усулдуктарын жана иш

тартибин, окутуунун жана тарбиялоонун техникалык, аудиовизуалдык жана

башка каражаттарын, окуу эмеректерин, ошондой эле окуу китептерин жана

башка басылма продукцияны пайдаланууга алардын санитардык эрежелерге

ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулар болгондо

жол берилет.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-26)
