# 24-статья. Адамга таасир этүүнүн физикалык факторлорунун

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 24-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-24

---

булактары менен иштөө шарттарына карата

санитардык-эпидемиологиялык талаптар

Адамга таасир этүүнүн физикалык факторлорунун булактары (ызы-чуу,

титиретүүлөр, ультра үн таасирлери, жылуулук, иондоштуруу, иондоштурбо-

очу жана башка нур чыгаруу) болгон машиналар, механизмдер, орнотмолор,

түзүлүштөр, аппараттар менен иштөөнүн шарттары адамга зыяндуу таасир

тийгизүүгө тийиш эмес.

Адамга таасир этүүнүн физикалык факторлору менен иштөөнүн коопсуз-

дугунун жана зыянсыздыгынын сынамдары, анын ичинде таасир этүүнүн жол

берилген эњ чоњ дењгээлдери санитардык эрежелерде белгиленет.

Машиналарды, механизмдерди, орнотмолорду, түзүлүштөрдү жана аппа-

раттарды пайдаланууга, ошондой эле ушул статьянын биринчи абзацында

көрсөтүлгөн адамга таасир этүүнүн физикалык факторлорунун булактары

болгон радиоактивдүү заттарды, материалдарды жана калдыктарды өндүрүүгө

колдонулууга (пайдаланууга), ташууга, сактоого жана көмүүгө, адамга та-

асир этүүнүн физикалык факторлорунун булактары менен иштөөнүн шарттары-

нын санитардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиоло-

гиялык корутундулар болгондо жол берилет.

Калктын радиациялык коопсуздугун жана иондоштуруучу нурлардын бу-

лактары менен иштөөнүн коопсуздугун камсыздоо жагында келип чыккан ма-

милелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-25)
