# 19-статья. Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын чогултууга,

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 19-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-19

---

пайдаланууга, зыянсыздоого, ташууга, сактоого жана

көмүүгө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар

Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары чогултулууга, пайдаланылуу-

га, зыянсыздалууга, ташылууга, сакталууга жана көмүлүүгө тийиш, алардын

шарттары жана ыкмалары адамдын саламаттыгы жана ал жашаган чөйрө үчүн

коопсуз болууга жана алар санитардык эрежелерге жана Кыргыз Республика-

сынын башка ченемдик укук актыларына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.

Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын чогултуунун, пайдалануу-

нун, зыянсыздоонун, ташуунун, сактоонун жана көмүүнүн тартиби, шарттары

жана ыкмалары, көрсөтүлгөн тартиптин, шарттардын жана ыкмалардын сани-

тардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө экологиялык жана санитар-

дык-эпидемиологиялык корутундулар болгондо жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары тарабынан белгиленет.

Өндүрүштүн, керектөөнүн калдыктарына, аларды зыянсыздоого, сактоо-

го жана көмүүгө радиациялык контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын

радиациялык коопсуздукту камсыздоо жагындагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө

ашырылат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-20)
