15-статья. Суу объекттерине карата санитардык-эпидемиологиялык
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
талаптар
Тамак-аш жана чарбалык-тиричилик суу менен жабдуу, сууга түшүү,
спорт менен машыгуу, эс алуу жана дарылоо максаттарында пайдаланылуучу
суу объекттери, анын ичинде шаардык жана айылдык конуштардын чегинде
жайгашкан суу объекттери (мындан ары - суу объекттери) адамга зыяндуу
таасирдин биологиялык, химиялык жана физикалык факторлорунун булагы бо-
лууга тийиш эмес.
Суу объекттеринин адам үчүн коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгы-
нын чен-өлчөмдөрү, анын ичинде сууда химиялык, биологиялык-заттардын,
микроорганизмдердин топтолушунун жол берилген чеги, радиациялык фондун
дењгээли санитардык эрежелерде белгиленет.
Суу объектисин көрсөтүлгөн айкын максаттарга пайдаланууга уруксат
берүүгө суу объектисинин санитардык эрежелерге жана суу объектисин пай-
далануунун калктын саламаттыгы үчүн коопсуз шарттарга ылайыктуулугу
жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду болгондо гана жол бери-
лет.
Суу объекттерин коргоо, алардын булганышына жана бузулушуна жол
бербөө үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологи-
ялык кызматынын органдары жана мекемелери менен макулдашылган суу объ-
екттерине зыяндуу таасирлердин жол берилген эњ жогорку ченемдери жана
химиялык, биологиялык заттардын, микроорганизмдердин кошулушунун жол
берилген эњ чоњ ченемдери белгиленет.
Ичилүүчү, чарбалык-тиричилик суу менен жабдуу үчүн жана дарылоо
максаттарында пайдаланылуучу суу объекттеринин санитардык корголушунун
зоналарынын долбоорлору, алардын санитардык эрежелерге ылайыктуулугу
жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду болгондо мамлекеттик ат-
каруу бийлигинин органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
тарабынан бекитилет.
Суу объекттери калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурган учурда
мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн ыйгарым укуктарына
ылайык көрсөтүлгөн суу объекттерин пайдаланууну чектөө, токтото туруу
же ага тыюу салуу боюнча чаралар көрүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-15" title="15-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>