# 12-статья. Тамак-аш азыктарына, тамак-аш татымалдарына, чийки азык

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 12-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-12

---

заттарына, ошондой эле аларга аралаш материалдарга

жана буюмдарга жана аларды өндүрүүнүн технологияларына

карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар

Азык-түлүктөр адамдын физиологиялык керектөөлөрүн канааттандырууга

жана ага зыяндуу таасир көрсөтпөөгө тийиш.

Азык-түлүктөр, азык-түлүк татымалдары, чийки азык заттар, ошондой

эле аларга аралаш материалдар жана буюмдар аларды өндүрүүдө, сактоодо,

ташууда жана калкка сатууда санитардык эрежелерге ылайык болууга тийиш.

Азык-түлүктөрдү өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

белгиленген тартипте уруксат берилген аларга аралаш материалдар жана

буюмдар, тамак-аш татымалдары пайдаланылышы мүмкүн.

Азык-түлүктөрдүн, азык-түлүк тамак-аш татымалдарынын, чийки азык

заттарынын жањы түрлөрүн, ошондой эле аларга аралаш материалдарды жана

буюмдарды өндүрүүгө, колдонууга (пайдаланууга) жана калкка сатууга,

аларды өндүрүүнүн жањы технологиялык процесстерин жана технологиялык

жабдууларын киргизүүгө, алардын санитардык эрежелерге ылайыктуулугу

жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулары болгондо жол берилет.

Тамак-аш азыктарын, тамак-аш татымалдарын, чийки азык заттарын,

ошондой эле аларга аралаш материалдарды жана буюмдарды өндүрүүнү, сатып

алууну, сактоону, ташууну, сатууну жүзөгө ашырган жарандар, жеке жана

юридикалык жактар санитардык эрежелерди аткарууга тийиш.

Санитардык эрежелерге ылайык келбеген жана адам үчүн коркунуч туу-

дурган тамак-аш продуктулары, тамак-аш татымалдары, чийки азык заттары,

ошондой эле аларга аралаш материалдар жана буюмдар өндүрүштөн же сатуу-

дан дароо алынат жана адамга зыян келтирбеген максаттарда гана пайдала-

нылат же жок кылынат.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-13)
