# 10-статья. Өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларга, жеке

- Документ: [Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/467)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 60 "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 248 "Об общественном здравоохранении"](https://aqlex.ai/kg/doc/202630)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-448/edition/282562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/467/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө, 10-статья (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-10

---

жана тиричиликтик муктаждыктар үчүн товарларга жана

аларды өндүрүүнүн технологияларына карата

санитардык-эпидемиологиялык талаптар

Өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, колдонууда (пайдаланууда) жана жок

кылууда адамдын түздөн-түз катышуусу талап кылынган өндүрүштүк-техника-

лык багыттагы продукция, ошондой эле жарандардын жеке жана тиричиликтик

муктаждыктары үчүн товарлар (мындан ары - продукция) адамга жана ал жа-

шаган чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш.

Продукция өзүнүн касиеттери жана көрсөткүчтөрү боюнча санитардык

эрежелерге ылайык келүүгө тийиш.

Продукциянын жањы түрлөрүн (биринчи жолу иштелип чыгарылган же

киргизилген) өндүрүү, колдонуу (пайдалануу) жана калкка сатуу, продук-

цияны өндүрүүнүн жањы технологиялык процесстерине алардын санитардык

эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду-

лар болгондо жол берилет.

Продукцияны иштеп чыгарууну, өндүрүүнү, ташууну, сатып алууну,

сактоону жана сатууну жүзөгө ашырышкан жарандар, жеке жана юридикалык

жактар анын санитардык эрежелерге ылайыксыздыгы айкындалган учурда мын-

дай ишти токтото турууга, продукцияны пайдалануудан алууга жана продук-

цияны адамга зыян келтирбей турган максаттарда колдонуу (пайдалануу)

боюнча же аны жок кылуу боюнча чаралар көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/467/st-11)
