1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги - калктын саламат-
тыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн абалы, мындай абалда жашоо чөйрөсүнүн
адамга зыяндуу таасири болбойт жана анын жашоо-турмушунун жагымдуу
шарттары камсыз кылынат.
Адамдын жашоо чөйрөсү (мындан ары - жашоо чөйрөсү) - адамдын жа-
шоо-турмушунун шарттарын аныктоочу айлана-чөйрөнүн (табигый жана жасал-
ма) объекттеринин, кубулуштарынын жана факторлорунун жыйындысы.
Жашоо чөйрөсүнүн факторлору - жашоо чөйрөсүнүн адамга жана (же)
келечек муундарга көрсөткөн же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон биология-
лык (вирустук, бактериялык, мите жана башка), химиялык, физикалык
(ызы-чуу, титиретүүлөр, ультра үн, жылуулук, иондоштуруучу, иондоштур-
баган жана башка нурлар), социалдык (тамак-аш, суу менен жабдуу, тири-
чилик, эмгек, эс алуу шарттары) жана башка факторлору.
Адамга зыяндуу таасир берүү - адамдын өмүрүнө же саламаттыгына
коркунуч туудурган, болбосо келечек муундардын өмүрүнө же саламаттыгына
коркунуч туудурган жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун таасири.
Адамдын жашоо-турмушундагы жагымдуу шарттар - жашоо чөйрөсүнүн
абалы, мындай абалда адамга анын факторлорунун зыяндуу таасири болбойт
(зыянсыз шарттар) жана адамдын организминин бузулган функцияларын калы-
бына келтирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр болот.
Адам үчүн коопсуз шарттар - жашоо чөйрөсүнүн абалы, мындай абалда
анын факторлорунун адамга зыяндуу таасиринин коркунучу болбойт.
Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - айкын бир мезгилдеги бел-
гилүү бир аймактагы калктын саламаттыгынын жана жашоо чөйрөсүнүн абалы.
Гигиеналык ченемдик - адам үчүн коопсуздук жана (же) зыянсыздык
өњүтүнөн алганда жашоо чөйрөсүнүн тигил же бул факторун мүнөздөөчү
изилдөөлөр тарабынан жол берилген көрсөткүчтүн эњ көп же эњ аз сандык
жана (же) сапаттык мааниси.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдиктер
(мындан ары - санитардык эрежелер) - санитардык-эпидемиологиялык талап-
тарды белгилөөчү (анын ичинде жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адам үчүн
коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын чен-өлчөмдөрүн, гигиеналык жана
башка ченемдиктерди) ченемдик укук актылары, аларды сактабоо адамдын
өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч туудурат, ошондой эле ооруга чалдыгу-
улардын келип чыгуу жана таралуу коркунучун туудурат.
Социалдык-гигиеналык мониторинг - калктын саламаттыгынын жана жа-
шоо чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн, аларды анализдөөнүн, аларга
баа берүүнүн жана болжоонун, ошондой эле калктын саламаттыгынын абалы
менен жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун таасиринин ортосундагы себеп-на-
тыйжалык байланышты аныктоонун мамлекеттик тутуму.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын саламат-
тыгын жана жашоо чөйрөсүн коргоо максатында калктын санитардык-эпидеми-
ологиялык бейпилдигин камсыздоо жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарын бузуулардын алдын алуу, айкындоо, аларга бөгөт коюу боюнча иш.
Санитардык-эпидемиологиялык корутунду - жашоо чөйрөсүнүн факторло-
рунун, чарбалык жана башка иштин, продукциянын, жумуштар менен кызмат
көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле ченемдик актылардын долбоорлорунун, объект-
тердин курулуш долбоорлорунун, эксплуатациялык документтердин санитар-
дык эрежелерге ылайыктуулугун (ылайык эместигин) күбөлөндүрүүчү доку-
мент.
Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар - жашоо
чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирин жоюуга жана азайтууга,
жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулар)
пайда болушун, таралышын болтурбоого жана аларды жоюуга багытталган
уюштуруучулук, администрациялык, инженердик-техникалык, медициналык-са-
нитардык, ветеринардык жана башка чаралар.
Чектөөчү иш-чаралар (карантин) - жугуштуу оорулардын таралышын
болтурбоого багытталган жана чарбалык дагы башка иштин өзгөчө тартибин,
калктын, транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбар-
лардын жүрүүлөрүнө чек коюуну караган администрациялык, медициналык-са-
нитардык, ветеринардык жана башка чаралар.
Жугуштуу оорулар - пайда болуусу жана таралышы жашоо-чөйрөсүнүн
биологиялык факторлорунун (жугуштуу ооруларды козгоочулардын) таасири
жана ооруп калган адамдан, жаныбардан дени сак адамга жугуусунун
мүмкүндүгү менен шартталган адамдын жугуштуу оорулары.
Айлана-тегеректегилерге коркунуч туудуруучу жугуштуу оорулар - оор
өтүшү, өлүмдүн жана майыптыктын дењгээлинин жогорулугу, калк арасында
тез таралышы (эпидемия) менен мүнөздөлүүчү адамдын жугуштуу оорулары.
Жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) - келип чыгышы жашоо
чөйрөсүнүн физикалык, жана (же) химиялык жана (же) социалдык факторлор-
дун таасири менен шартталган адамдын оорулары.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 13 ноября 2002 года №769 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 13.11.2002 · № 769 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-январындагы №57 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз…Постановление · 26.01.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-1" title="1-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>