Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери, тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы боюнча Комиссия жөнүндө ЖОБО» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 12-сентябрындагы
№ 403 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана
эмгектин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери,
тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлери үчүн
Кыргыз Республикасынын Президентинин
стипендиясы боюнча Комиссия жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек-
тин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери, тармактык түзүмдөрдүн
кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы бо-
юнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) консультациялык-кењешүүчү орган
болуп саналат жана коомдук башталыштарда иштейт.
Комиссиянын курамы, анын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президен-
ти тарабынан аныкталат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой эле
ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу,
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдары менен
өзара аракетте жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
ры, алардын кызмат адамдары Комиссиянын компетенциясына кирген маселе-
лерди чечүүдө ага көмөк көрсөтөт.
4. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын
көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Прези-
денти биротоло чечим кабыл алышы үчүн сунуш кылуу мүнөзүндө болот.
II. Комиссиянын функциялары
5. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек-
тин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери, тармактык түзүмдөрдүн
кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын
(мындан ары - стипендия) берүүгө сунуштарды карайт жана баалайт;
- стипендияны берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуларды берет;
- стипендия берүү маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
III. Комиссиянын ишин уюштуруу
6. Комиссиянын жыйналыштары жылына бир жолу, ноябрдын акыркы жума-
сында өткөрүлөт. Жыйналышка - Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жокто Ко-
миссиянын төрагасынын орунбасары жетекчилик кылат.
7. Комиссиянын жыйналыштары, эгерде аларга Комиссиянын курамынын
кеминде 2/3 бөлүгү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет.
Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн
жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө толту-
рулат. Протоколго - Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жокто Комиссиянын
төрагасынын орунбасары кол коет.
8. Комиссиянын ишин анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат
бөлүмү камсыз кылат.
9. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандарынан туура толтурулган материалдар комиссияга анын жыйналышына
чейин эки ай мурда берилүүгө тийиш.
IV. Стипендия берүү маселелерин Комиссия
карап чыгышынын тартиби
10. Стипендия - акчалай жөлөкпул, ал:
- өлкөнү өнүктүрүүгө кыйла салым кошкон;
- дүйнөдөгү алдыњкы жетишкендиктердин дењгээлине ылайык келген та-
бигый, гуманитардык, медициналык жана техникалык илимдерди өнүктүрүүгө
салмактуу салым кошкон;
- адабияттын жана көркөм өнөрдүн алда канча таланттуу, жањылыгы
жана оригиналдуулугу менен айырмаланган, республикада, ошондой эле чет
өлкөлөрдө коомдук таанууга ээ болгон чыгармаларын жараткан;
- спортто жогорку ийгиликтерге жетишкен жана Кыргыз Республикасы-
нын дене тарбиясын жана спортун өнүктүрүүгө кыйла салым кошкон;
- мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, тарбиялоо жана коомдук иште
олуттуу ийгиликтерге жетишкен Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин
ардагерлерине, илим жана маданият өкүлдөрүнө, тармактык түзүмдөрдүн
кызматкерлерине дайыма берилет.
11. Стипендия берүүгө сунуштар Комиссиянын кароосуна жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер,
администрациялык ведомстволор, юридикалык жактар (коммерциялык жана
коммерциялык эмес уюмдар) жана алардын бирикмелери тарабынан тиешелүү
республикалык органдар аркылуу, алардын жетекчилери кол коюу менен бе-
рилет. Сунуш мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
Сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги
үчүн" медалынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчанын мөөр жана жетекчи-
нин колу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- сунуш кылынып жаткан инсандын өмүрү жана иштери жөнүндө ырастал-
ган маалыматтар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.