# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 467 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 467 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 467
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2245/edition/288638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4660.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 467 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы (23.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4660

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры № 467

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Мыйзам күчүнө ээ

"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү

мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда таркашы-

на байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагы

Жогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл

алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз

Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3-пункт-

тарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам.

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучу-

лардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-жыл, № 8,

376-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын преамбуласындагы "жана маданият" деген сөздөр ", илим

жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 2-статьядагы "бир стакан ысык сүт жана бир булочка түрүндө" де-

ген сөздөр алып салынсын.

3. 3-статьядагы "(сүт-булочка)" деген сөздөр алып салынсын.

4. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Сүттү жана булочканы тиешелүү түрдө өзүнүн кубаттуулук баалуулугу

боюнча алмаштырылуучу азыктарга дал келе тургандай башка суусундуктарга

жана нан-булочка азыктарына алмаштырууга жол берилет.".

5. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"9-статья. Бул Мыйзам төмөнкү учурдан тартып күчүнө кирет:

- бийик тоолуу жана алыскы райондордогу мектептер үчүн, 2006-жыл-

дын 1-январынан тартып;

- башка айыл жерлериндеги, шаарлардагы жана шаар тибиндеги посе-

локтордогу мектептер үчүн, - 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып.".

6. 10-статьяда:

- "2003-2005" деген цифралар "2007 жана андан кийинки" деген циф-

ралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүүчү мектептеринин

1-4-класстарынын окуучуларынын тамак-ашы тиешелүү шаарлардын жергилик-

түү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.".

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн норматив-

дик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Жарлык 2006-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
