Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры № 467
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Мыйзам күчүнө ээ
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү
мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда таркашы-
на байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагы
Жогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл
алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз
Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3-пункт-
тарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам.
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучу-
лардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-жыл, № 8,
376-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласындагы "жана маданият" деген сөздөр ", илим
жана жаштар саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 2-статьядагы "бир стакан ысык сүт жана бир булочка түрүндө" де-
ген сөздөр алып салынсын.
3. 3-статьядагы "(сүт-булочка)" деген сөздөр алып салынсын.
4. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Сүттү жана булочканы тиешелүү түрдө өзүнүн кубаттуулук баалуулугу
боюнча алмаштырылуучу азыктарга дал келе тургандай башка суусундуктарга
жана нан-булочка азыктарына алмаштырууга жол берилет.".
5. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9-статья. Бул Мыйзам төмөнкү учурдан тартып күчүнө кирет:
- бийик тоолуу жана алыскы райондордогу мектептер үчүн, 2006-жыл-
дын 1-январынан тартып;
- башка айыл жерлериндеги, шаарлардагы жана шаар тибиндеги посе-
локтордогу мектептер үчүн, - 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып.".
6. 10-статьяда:
- "2003-2005" деген цифралар "2007 жана андан кийинки" деген циф-
ралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүүчү мектептеринин
1-4-класстарынын окуучуларынын тамак-ашы тиешелүү шаарлардын жергилик-
түү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн норматив-
дик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Жарлык 2006-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Об организации питания учащихся в общеобразовательных школах Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.06.2002 · № 111 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О новой редакции Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.02.2003 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Об организации питания учащихся в общеобразовательных школах Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.06.2002 · № 111 · Күчүн жоготкон