# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 466 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 466 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 466
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4656>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2241/edition/288634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4656.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 466 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (23.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4656

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 466

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Мыйзам күчүнө ээ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда таркашы-

на байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагы

Жогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл

алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз

Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясынын жаны редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3 пункт-

тарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам:

1-статья.

"Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкала-

рын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер-

лерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык став-

калары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин ведомосттору 2005-жыл, № 7, 498 ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"11-статья.

2008-жылга жер салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабыл

алынганга чейин ушул Мыйзамда бекитилген ставкалар колдонула берет.".

2-статья.

"Юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына алы-

нып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын

2006-жылга ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эр-

кин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 6-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-

зилсин:

3-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3-статья.

2008-жылга акциз салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабыл

алынганга чейин 2006-жылга белгиленген ставкалар колдонула берет.".

3-статья.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасын Президенти К.Бакиев
