Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 466 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 466
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Мыйзам күчүнө ээ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин мөөнөтүнөн мурда таркашы-
на байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагы
Жогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл
алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз
Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясынын жаны редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3 пункт-
тарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам:
1-статья.
"Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкала-
рын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер-
лерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык став-
калары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин ведомосттору 2005-жыл, № 7, 498 ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11-статья.
2008-жылга жер салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабыл
алынганга чейин ушул Мыйзамда бекитилген ставкалар колдонула берет.".
2-статья.
"Юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына алы-
нып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын
2006-жылга ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эр-
кин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 6-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-
зилсин:
3-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3-статья.
2008-жылга акциз салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабыл
алынганга чейин 2006-жылга белгиленген ставкалар колдонула берет.".
3-статья.
Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын…Закон · 23.03.2005 · № 57 · Күчүн жоготкон
- О ставках акцизного налога на подакцизные товары, ввозимые и производимые юридическими и физическими лицами в Кыргызской Республике, на 2006 годЗакон · 31.12.2005 · № 189 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О новой редакции Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.02.2003 · № 40 · Күчүн жоготкон